31

Январь

2014

Жанторо Сатыбалдиев и Йорам Мушкат обсудили Новое соглашение по реструктуризации проекта “Кумтор”

Бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев “Muszkat Law Company”  юридикалык компаниясынын президенти, адвокат Йорам Мушкат менен компаниянын кеңешчиси Моше Крутту кабыл алды.

Премьер-министр “Кумтөр” долбоорун түзүмдөштүрүү боюнча “Центера” менен жетишилген сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди.

“Кумтөр” биргелешкен ишканасын түзүү менен биз “Кумтөрдү” Торонтодон Кыргызстанга алабыз. Кыргызстан кендин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдүк кылып, бюджетке түшкөн кирешелерди жогорулатып, экологиялык маселелерди колго алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кыргызстандын үлүшү Жаңы ишканада 50 пайыз болгону менен Кумтөрдөн түшкөн акча каражаттары 70 пайызга чейин жетет. Ошондой эле, Келишимде белгиленгендей, коррупциялык элементтердин үстүнөн иш алып баруу токтотулбайт”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Өкмөт башчы диалог арасында Йорам Мушкаттын канадалык компания менен жетишилген сүйлөшүүлөргө көз карандысыз баасын берүүсүн сурады.

Бул багытта Йорам Мушкат  тараптардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы, бул жетишилген ийгилик экендигин айтты. “Албетте, Жаңы Келишимде Кыргызстандын үлүшү дагы жогору болсо жакшы болмок. Бирок, Кыргызстан үчүн эң маанилүү жана принципиалдуусу - “Кумтөр” Канаданын юрисдикциясынан чыгып, жаңыдан Кыргызстанда каттоодон өтүп, мындан ары Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барат”, -деди ал.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү