08

Январь

2014

Жанторо Сатыбалдиев обозначил основные приоритетные направления, планы и задачи Правительства на 2014 год

Бүгүн, 8-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин төрагалыгы алдында Өкмөттүн Аппаратынын кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешмени ачып жатып, Премьер-министр 2013-жылдын жыйынтыгына кыскача токтолуп, вице-премьер-министрлер менен Өкмөттүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын көңүлүн Өкмөттүн 2014-жылга карата башкы багыттарына, мерчемдерине жана милдеттерине бурду.

“2013-жылдын жыйынтыгы менен ички дүң продукциянын көлөмү 10%дан кем болгон жок. Акыркы он жылдан бери чечилбей келген социалдык маанидеги маселелер чечилип, күн тартибинен алынып салынды”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев, келээрки айда Өкмөттүн жыйынында жылдын жыйынтыгы чыгарылаарын кошумчалап.

Андан соң, Премьер-министр Өкмөттүн 2014-жылга карата башкы багыттарын, мерчемдерин жана милдеттерин белгиледи.

Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, Өкмөттүн башкы милдети жазгы айдап-себүү иштерин ийгиликтүү өткөрүү. Бул максатта Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге 200 миң тонна көлөмүндөгү минералдык жер семирткичтерди Өзбекстандан алып келүүгө көзөмөлдүк жүргүзүү иши тапшырылды. Өз кезегинде Тайырбек Сарпашев Кыргызстан менен Өзбекстандын Премьер-министрлери тарабынан бул багытта Ташкент шаарында жетишилген эки тараптуу сүйлөшүүлөр аткарылып жаткандыгын жана жакынкы күндөрдө жер семирткичтер республикабызга келип түшөөрүн маалымдады.

Ошондой эле, Премьер-министр айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөр менен фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү ишин ылдамдатууну тапшырды. “Быйыл жер иштетүүчүлөргө жеңилдетилген насыялар программасы боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу насыяларды арбын берүүнү мерчемдеп жатабыз. Өкмөт агроөнөр жай комплексинин башкы секторлорун аныктоодо, анын ичинде айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарба кооперативдери бар. Натыйжада, биз кайра иштетүүчүлөргө колдоо ирээтинде ресурстарды бере алабыз”, - деди Премьер-министр, быйылкы жылы көчөттөрдү отургузууну көбөйтүүнү сунуштап.

Өкмөт башчы жыйында коомдук тартипти, мамлекеттик чек араны сактоо жана бекемдөө, коррупция менен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө өзгөчө көңүл буруу абзел экендигин баса көрсөттү.

Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, Өкмөттүн 2014-жылдагы башкы багыттарынын бири Кыргызстандын Бажы уюмуна кирүү боюнча сүйлөшүү процесстеринин уланышы болмокчу. Премьер-министр дагы бир жолу Кыргызстан өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгы канааттанган учурда гана уюмга кире тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле, Жантөрө Сатыбалдиевдин белгилөөсүндө бажы жана салык жыйымдарын башкаруу маселеси чечилүүгө тийиш.

“Жарандардан келип түшкөн каттарга, кайрылууларга жана даттанууларга өзгөчө көңүл буруу керек. Учурда бул маселе менен борбордук органдар гана иштеп жатат, ал да тиешелүү деңгээлде эмес. Облус, район, айыл аймактарында жарандар менен иштөө эмне экендигин унутуп калышты. Алардын дарегине келип түшкөн каттарды чечүү укугунун жоктугун шылтоолоп  алар түз эле Бишкекке жөнөтүшөт. Мен бир канча ирээт жер-жерлердеги жетекчилер менен укук маселеси боюнча бөлүшүүгө даяр экендигимди айткам. Бул маселени былтыр эле жөнгө салып койсок болмок, анткен менен Өкмөт Аппаратынын тиешелүү бөлүмү бул маселеде кашаңдык кылды”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Премьер-министр ушул жылы мерчемделген баардык курулуш объектилери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилүүгө тийиш экендигин баса көрсөттү.

“Аларга Кара-Балтадагы жана Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү заводдор, “Талды-Булак –Солжээк” жана “Бозумчак” алтын кендери кирет. Ошондой эле ар бир облуста токтоп калган ишканалардын бири ишке берилүүгө тийиш. Бишкек шаардык ЖЭЦ реконструкцияланып, Токтогул ГЭСи жаңылануу менен, “Түндүк-Туштүк” альтернативдүү унаа жолунун курулушу башталуусу абзел. “Ош-Баткен-Исфана”, “бишкек-нарын-Торугарт” жолдорун оңдоо иштери улантылат. Ошондой эле жүздөн ашууун социалдык объектилер пайдаланууга берилүүгө тийиш”, - деди ал.

Премьер-министр 2013-жылы Баткен облусундагы Бүргөндү массивиндеги саздак жерлерди кургатуу иши начар аткарылганын айтты. Ал эми Аппараттын агроөнөр жай жана экология бөлүмүнүн тиешелүү көзөмөлүнүн жоктугунан былтыр Иренжит каналынын курулушу бүткөрүлгөн эмес.

 Жантөрө Сатыбалдиев белгилегендей, быйыл мамлекеттик сатып алууларды жакшыртуу боюнча иштердин негизги бөлүгү бүтүшү керек. “Бул чөйрөдө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Былтыр эле мамлекеттик сатып алуулар үчүн 20 миллиарддай акча бөлүнгөн. Быйыл андан да көп. Ошондуктан бул багытта чечкиндүү чаралар көрүлүп,  мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатышыбыз зарыл”, - деди Ж.Сатыбалдиев.

Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министр Өкмөттүн Аппаратынын профилдик бөлүмүнө жүрөк кан тамырлары ооруларын дарылоо үчүн пайдаланылуучу 5 млн. доллардык кымбат баалуу медициналык жабдууларды сатып алуу процессин жигердештирүүнү тапшырды.

Премьер-министр ошондой эле кызматкерлери мамлекеттик кызматкер эмес айрым мамлекеттик ишканалардын иштөөчүлөрүнүн айлык маяналарын көбөйтүү пландалып жаткандыгын билдирди. Мындан тышкары, милиция кызматкерлеринин айлыктары да көтөрүлмөкчү.

Сөзүнүн аягында Премьер-министр Өкмөттүн Аппараты ыкчам жана натыйжалуу иштеши керектигин баса белгиледи. “Өз милдеттерин жакшы аткара албаган чиновниктерге карата катуу чаралар көрүлүп, иштен бошотууга чейин баруу керек», — деди Жантөрө Сатыбалдиев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү