17

Январь

2014

Жанторо Сатыбалдиев: По итогам отопительного сезона, как и в прошлом году, будут сделаны серьезные выводы

Бүгүн, 16-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин төрагалыгы менен калкты жана экономика тармагын кышкы жылытуу мезгилинин жүрүшү боюнча Республикалык штабдын жыйыны болду.

Жантөрө Сатыбалдиев белгилегендей, облустар электр энергиясын  пайдалануу боюнча чектөөлөрдү сактабай келишет. “Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү чектөөлөрдүн сакталышынан көз каранды. Учурда кышта кардын аз жаашы, суунун аз болушу, ага этият мамиле кылууну талап кылат.”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Премьер-министр ири дебитордук карыздары бар чарбалык субъектилерге өзгөчө көңүл бурду. “Дебитордук карыздар биринчи кезекте начар жана натыйжасыз башкаруудан келип чыгат. Атамекендик энергетикалык компанияларда сапаттуу менеджмент жок”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев, каржы министри Ольга Лавровага дебитордук карыздары бар мамлекеттик органдарга каражат берүүнү токтотууну тапшырып. – “Алар дебитордук карыздарын жойгондон кийин гана каражат ала алышат”.

Премьер-министр жыйындын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун балансындагы ЖЭЦти Каракол шаардык мэриянын балансына өткөрүү боюнча облустун жетекчилигине  тапшырды.

Өкмөт башчы былтыркы жылдай эле, жылытуу мезгилинин жыйынтыгы менен олуттуу чечимдер кабыл алынаарын билдирди.

Өлкөнүн энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин баяндамасына ылайык, 16-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү12 млрд. 665 млн. кубометр.

“2013-жылдын 12 айында 13 млрд. 995,2 млн. кВт саат электр энергиясы иштелип чыккан же, мурдагы жылдын ошол убактысына карата 92% түзөт. Анын ичинде: ГЭСтерге 13 млрд. 99,5 млн. кВт саат, Бишкек шаардык ЖЭЦке 895,6 млн. кВт саат электр энергиясы иштелип чыккан. 2013-жылдын январь-декабрь айларында энергокомпаниялардагы электр энергиясынын жоготуусу 1 млрд. 980 млн. кВт саат, же 17,9%, ал эми 2012-жылы бул көрсөткүч 21,2 5 болгон”, - деди министр.

Ошондой эле Осмонбек Артыкбаев былтыркы жылга салыштырмалуу жарык 3 миң 46 жолу аз авариялык өчүрүүлөргө дуушар болгон. “Бул энергетиктердин өз учурундагы ишинин жыйынтыгы. Атап айтсак, былтыр Бишкек, Ош шаарларында 6-10 кВ кабель линиялары мерчем боюнча 65 чакырым болсо, 81 чакырымга орнотулган. Анын ичинде Бишкек шаарында 68,9 чакырым ушундай эле чубалгылар, ал эми мерчемде 55 чакырым. Мындан сырткары Бишкек боюнча  50 чакырымга мерчемделген өзү алып жүрүүчү жабдылма ВЛ-0,4 кВ чубалгылары 55 чакырымга орнотулган. Ош шаарында 6-10-0,4 кВ чубалгылары 12,1 чакырымга орнотулуп, түйшүктүү трансформаторлор алмаштырылган”, - деди ал.

Штабдын жыйынтыгында маалым болгондой, 2014-жылдын 109-январына карата республика боюнча мерчемдеги 90,1% көмүрдүн 83,8%  же,1 млн. 677,6 миң тоннасы  камдалган. Ошондой эле  мерчемдеги 47,02% мазуттун 29,54 миң тоннасы же 42,55%  даярдалган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү