21
Январь
2014
Жанторо Сатыбалдиев подписал Постановление, предусматривающее двукратное повышение выделяемых средств на питание в учреждениях социальной сферы
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.
Аталган документке ылайык, Социалдык өнүгүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мекемесинде жашаган кызмат алуучулар үчүн нормалдуу жашоо шартын түзүү жана алардын минималдуу физиологиялык керектөөсүн канаттандыруу максатында тамактануунун акчалай тартиби бир адамга төмөнкү көлөмдө бекитилсин:
- психоневрологиялык оорукчан балдар үчүн- 110 сом;
- психоневрологиялык оорукчан чоңдор үчүн- 100 сом;
- карылар жана майыптар үчүн- 110 сом.
Буга чейин карылар, майыптар үйү жана чоң адамдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде тамак-ашка күнүнө 55 сомдон, ал эми балдар үчүн психоневрологиялык жайларда 65 сом бөлүнүп келген.
Маалымат: Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин системинде 15 социалдык стационардык мекеме (интернат үйлөр) иштейт, алардан 14 республикалык бюджеттен каржыланат, 1 (Бишкектеги) жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Азыркы учурда бул социалдык стационардык мекемелерде 2301 адам жашайт, анын ичинде: карылар жана майыптар үчүн социалдык стационардык мекемелерде 758, чоңдордун психоневрологиялык мекемесинде 1182 жана балдардын психоневрологиялык мекемесинде 361 адам жашайт.
Жогоруда аталган социалдык стационардык мекемелер башка бирөөнүн багуусуна, маданий- тиричилик жана медициналык тейлөөгө муктаж улгайган жарандарды, I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана психоневрологиялык бейтаптарды (чоңдор жана балдар) багуу үчүн дайындалган медициналык- социалдык мекеме болуп эсептелет.
Мындан тышкары, КР Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борборунда республиканын бардык аймагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн комплекстүү реабилитациялоо иши жүргүзүлүп келет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү