22

Январь

2014

Жанторо Сатыбалдиев поручил в этом году завершить строительство здания детской республиканской больницы в столичном микрорайоне Джал

Бүгүн, 22-январда, кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы республикалык балдар ооруканасынын “Б” блогунун курулуш иштерин жандандыруу үчүн мурда бөлүнгөн 10 млн. сомдун сарпталышын  текшерди.

1992-жылдан бери курулушу токтоп турган бул имарат 2012-жылдан тарта Өкмөт башчынын тапшырмасы менен кайрадан курула баштаган. Жалпысынан, объектти бүткөрүү үчүн  83 млн. сом керектелет жана медициналык жабдуу алууга дагы 95 млн. сом сарпталат.

Премьер-министр биринчи жарым жылдыкта 50 млн. сом бөлүп берүү тапшырмасын берди, кийин каражаттын сарпталышына жараша калган сумма бөлүнөт. “Медициналык жабдууларды сатып алууга каражаттар изделүүдө”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү