09
Январь
Жанторо Сатыбалдиев принял Принца Халеда бин Сауд бин Халеда Аль Сауда - заместителя министра иностранных дел Саудовской Аравии
Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери талкууланды.
Жантөрө Сатыбалдиев Сауд Аравиясынын ишкерлерин өлкөнүн айыл чарбасына, туризмге жана энергетика тармагына капитал салууга чакырды.
Премьер-министр эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү максатында жигердүү тажрыйба алмашуу керек экендигин айтты. “Кыргызстан Араб Экономика форумунун алкагында: Араб мамлекеттеринин Лигасы, борбордук Азия жана Азербайжан жана башка мамлекеттер аралык экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктар”, - деди Премьер-министр.
Өз кезегинде Халед бин Сауд бин Халед Аль Сауд Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн анын экономикасына инвестиция тартууга даяр экендигин билдирди.
“Келечекте алгылыктуу долбоорлор бизди күтүп турат”, - деди ал.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү