18

Март

2014

Жанторо Сатыбалдиев провел совещание по вопросу создания и развития модельных кооперативов

Бүгүн, 18-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев үлгү кооперативдерин түзүү жана өнүктүрүү маселесине байланыштуу жумушчу кеңешмесин өткөрдү.

Премьер-министр белгилегендей, айыл чарбасында Өкмөт жүргүзүп жаткан саясат дыйкандарга кооператив түзүүгө, ал эми иштеп жаткан кооперативдерди кеңейтүүгө түрткү берди.

“Фермерлердин Өкмөткө болгон ишеними акталууга тийиш. Кооперативге биригүүгө ниеттенген баардык дыйкандарга зарыл болгон жардамдар берилет”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Кеңешмеде Премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Карыпбек Асанов үлгү кооперативдерин ачуу үчүн жасала турган иштер жөнүндө айтып берди.

Карыпбек Асановдун маалыматын уккан Премьер-министр биринчи үлгүлүү кооперативге орундук аныктоочу жумушчу топту түзүүнү тапшырды. “Келечекте Кыргызстандын ар бир районунда үлгү кооперативдерин ачуу жөнүндө маселени иштеп чыгуу зарыл жана аларга алгачкы төлөмдөрсүз лизингге баардык айыл чарба техникасын, өсүмдүк түрлөрүн өстүрүүгө тиешелүү аянттагы жер үлүшүн берүү керек”, - деди Өкмөт башчы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү