31
Январь
Жанторо Сатыбалдиев встретился с участником XXII зимних Олимпийских игр в Сочи Дмитрием Трелевским
Бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Сочиде өтүүчү XXII кышкы Олимпиада оюндарынын Кыргызстандан жалгыз катышуучусу Дмитрий Трелевскийди кабыл алды.
Жолугушууда Жантөрө Сатыбалдиев Дмитрий Трелевскийди лицензияга жетишүүсү менен куттуктады.
“Алдыда өтүүчү олимпиада оюндарына укук алууңуздун өзү мактоого татыйт. Ал эми сиздин машыктыруучуңуз, жакындарыңыз жана сиздин ийгиликтериңизге өз салымын кошкон ар бир адам өзүнчө алкышка ээ. Олимп оюндарында сизге ийгиликтерди каалайбыз”, - деди Премьер-министр.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен Өкмөт башчы Дмитрий Трелевский менен анын жеке машыктыруучусуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жеке фондунан 100 миң сомдон бөлүп берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү