14

Август

2015

Жаштар саясаты жана тигүү тармагынын маселелерин талкуулаган өкмөттүн жыйыны өттү

Бүгүн, 13-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы  алдында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жыйыны болуп өттү. Жыйында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын аткарылышы тууралуу, 2015-жылга чейин жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясынын ишке ашыруу боюнча иш-пландын аткарылышы, Кыргыз Республикасынын текстиль жана өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча пландын аткарылышы маселелери каралды.

Жыйынды ачып жатып Премьер-министр Темир Сариев өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча пикирин билдирди. Премьер-министр 12-августта Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык союзунун толук кандуу мүчөсү болуп киргенин билдирип, аны тарыхый окуя деп атады. Ошондой эле кыргыз-казак чек арасындагы бажы бекеттери алынган соңку абалда көзөмөлдөө зарылдыгын билдирип, бул багытта Экономика министри Олег Панкратовго тапшырма берилгенин кабарлады. Берилген тапшырмага ылайык, тиешелүү органдардын кызматкерлеринин түзүлгөн топ кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пунктарынын иши менен таанышып, Премьер-министрдин тапшырмасы менен түзүлгөн оперативдүү штабдын кандай иштеп жатканы менен көзөмөлдүк кылмакчы.

Олег Панкратов атайын мобилдүү топтор Чүй облусунда жайгашкан кыргыз – казак чек арасындагы өткөрмө пункттарды кыдырып келгенин жана эки тараптан бажы декларациясын талап кылуу көрүнүшү байкалбаганын билдирди. Темир Сариев чек араны ачкан соң тиешелүү мамлекеттик органдар Казакстан тарап менен кызматташып, бул жааттагы келишимди так сактоосу зарыл экенин билдирди.

Мындан соң Ички иштер министри Мелис Турганбаев Ысык-Көл районунун Өрүктү айылындагы жаңжал боюнча маалымат берди. Анда укук коргоо органдарынын көзмөлүнө алынып, окуя боюнча кылмыш иши козголуп, жергиликтүү тургундун өлүмүнө шектүү адамдар кармалганын билдирди. Ошондок

Темир Сариев бул окуяны Мелис Тургунбаев өз көзөмөлүнө алып, күнөөлүүлөрд жоопко тартууну тапшырды. Премьер-министрдин айтымында, адам өмүрүнө кол салып, аны өлүмгө жеткирген жана  жана бирөөнүн мүлкүн талкалап, өз билемдикке баргандар  жазага тартылышы керек.

Жыйында өзгөчө кырдаалдар министрлиги  жана Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү Боомдогу жер көчкү түшкөн «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолу толугу менен тазаланып, эки тарапка жол ачылганын билдирди.

Премьер-министр Темир Сариев тиешелүү министрликтер бул кырсыкты кесепетин жоюу боюнча ыкчам иш  алпарганын белгилеп, мамлекеттик органдар ар түрдүү чукул кырдаалга даяр болушу керектигин айтып өттү:

“Мындай чукул кырдаал жаралган учурда тиешелүү органдардын жетекчилери премьер-министрден тапшырма күтпөстөн ыкчам чараларды көрүшү керек. Учурда Боомдогу окуя боюнча комиссия түзүлдү. Алар кырсыктын себептерин иликтеп  жана мындан аркы коопсуздук сактоонун чараларын карап чыкмакчы»- деди Темир Сариев

Ошондой эле Премьер-министр ушул апта соңунда  жол ачык болоорун жана жолду тазалоо иштери иш күндөрү жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Жыйын жүрүшүндө “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын аткарылышы тууралуу  Мамлекеттик кадыр кызматынын төрага орун басары Бахтияржан Фаттахов баяндама жасады. Анын айтымында, аталган мыйзамдын шарттарына ылайык, жети мамлекеттик органдын 25 кызматкери иштен мыйзамсыз бошотулганы боюнча сот чечим чыгарганына байланыштуу мамлекеттик бюджеттен 2 миллион 600 миң сом төлөнүп берилген.

Премьер-министр Темир Сариев бул мыйзамдын айрым пункттарын учурдагы мезгилге ылайыкташтырып өзгөртүү зарылдыгын белгиледи.

Ал эми 2015-жылга чейин жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясынын ишке ашыруу боюнча иш-пландын аткарылышы боюнча Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Марат Нуралиев маалымат берди. Анын айтымында, стратегияны ишке ашыруунун алкагында жаштар саясатынын жүргүзүүнүн нормативдик укуктук базасын жүргүзүү жана социалдык кепилдиктерин камсыз кылуу, экинчиден жаштардын потенциалын өнүктүрүү үчүн 45тен ашык долбоор ишке ашырылып, жаштарды кесип менен камсыз кылуу, дени сак жашоо образыны чакыруу боюнча иштер аткарылууда.

Бирок Премьер-министр Темир Сариев бул жаатта жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды жетишсиз деп баалады. Премьер-министрдин айтымында, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жаштар менен активдүү иш жүргүзө албай, кемчиликтерди кетирүүдө

“ Жаштар биздин мамлекеттин кыймылдаткыч күчү болушу керек эле. Бирок министрлик жаштардын бул потенциалын жакшы колдонуп, алардын жаратмандык күчүн жакшы нукка бурууда солгун иш алпарып жатат. Жаштар министрлиги түзүлгөндөгү тагылган милдеттерди учурда министрлик ишке ашыра алган жок”-деди Темир Сариев.

Ошондой өкмөттүн жыйынында 2015-жылга чейин жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясынын ишке ашыруу боюнча иш-пландын аткарылышы министрликтин кемчилигинин белгилеп, Эмгек, миграция жана жаштар министрине  жаштар саясаты боюнча иш алпарган орун басарынын жоопкерчилигин 2015-жылдын 1-сентябрына чейин кароону жана  2010-жылга чейин жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясынын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын текстиль жана өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча пландын аткарылышы маселеси талкууланды. Премьер-министр Темир Сариев бул тармакка жооптуу саналган Энергетика жана өнөр жай министрлиги тигүү тармагын унутта калтырып койгонун белгиледи.

“Энергетика жана өнөр жай министрлиги  тигүү тармагындагы ишти толугу менен жөндөй алган жок. Мисалы, 2014-жылы бул багытта ири долбоорлордун бири болгон текстиль жана тигүү өнөр жайы үчүн  Технополис” курууга жер тилкелерин бөлүү маселеси чечилген. Бирок бул багытта эч кандай иштер жүрбөй жатат. Министрлик энергетика маселелери менен гана алек болуп, өнөр жайды унутта калтырды. Бул жааттагы каалоо болсо бир катар иштерди ишке ашырууга мүмкүн болмок”-деди Темир Сариев.

Жыйында Энергетика жана өнөр жай министрлигине Экономика, Айыл чарба жана мелорация министрликтери менен бирге Кыргыз Республикасынын текстиль жана өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасын ишке ашыруудагы аткарылбай калган себептерин аныктоо жана Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна кошулуусунун эске алуу менен бул тармактын актуалдуулугу жана перспективасын иштеп чыгуу жана өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча программа даярдоону тапшырды.

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү