КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы №65 токтому

Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана аттестациялоо маселелери жөнүндө

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрларды тандоону жакшыртуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо,
 2-тиркемеге ылайык;

- жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо боюнча аттестациялык комиссиянын (мындан ары – аттестациялык комиссия) курамы, 3-тиркемеге ылайык.

2. Аттестациялык комиссия:

- бир жумалык мөөнөттө аттестациялоо графигин бекитсин;

- аттестацияланууга тийиш болгон адамдардын тизмесин түзсүн;

- жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана алардын орун басарларын белгиленген тартипте аттестациялоону жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына төмөнкүлөр сунушталсын:

- алты айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервин түзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүүнү караган тиешелүү мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аттестациялоону өткөрүүгө байланышкан уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечишсин.

5. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын орун басарынын бош кызмат орду пайда болгондо, дайындоо жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган адамдардын арасынан ишке ашырыла тургандыгы;

- аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн аттестациялоону өткөрүүгө байланышкан командировкалык чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык тийиштүү мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен төлөнө тургандыгы;

- ушул токтом 2022-жылдын 31-декабрына чейин колдонула тургандыгы.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                   У.А. Марипов


1-тиркеме.docx

2-тиркеме.docx

3-тиркеме.docx