КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №126 токтому

Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 50-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жобого ылайык
 2022-жылдан тартып жыл сайын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга республикалык бюджетте жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын жабуу үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын карасын.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Жобого ылайык жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын жабууну республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырсын.

4. Кыргыз Республикасынын тиешелүү бөлүштүрүүчү электр компанияларына акча каражаттарын өз убагында которуу жана энергетикалык текшерүүнүн жүрүшүндө энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген электр энергиясын керектөөнүн лимиттеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сакталышы үчүн жоопкерчилик жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, айыл аймактарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

тиркеме.docx

Тиркеме 1, 2 кырг.docx

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                            А.У. Жапаров