"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
Пенсиялык топтоо каражаттарын төлөп берүү механизмдерин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
24-октябрындагы № 745 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө” токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин. - Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров