“1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалы жөнүндө
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы
“1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалын уюштуруу жөнүндө” Чечимин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалы менен сыйлоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалынын сыпаттамасы
2-тиркемеге ылайык;
3) “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалынын сүрөтү
3-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
1) “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалдарын даярдоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
2) аталган юбилейлик медалдарды салтанаттуу кырдаалда тапшыруу боюнча тиешелүү иш-чараларды уюштурсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев