01
Август
Джоомарт Оторбаев: «Эффективность управления госкомпаниями необходимо качественно улучшить»
Бүгүн, 1-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында вице-премьер-министр Валерий Диль, бир катар министрлик, ведомство, Өкмөттүк Аппарат жана мамлекеттик үлүшү бар компания жетекчилеринин катышуусунда мамлекеттик менчикти башкарууну реформалоо боюнча иштиктүү жыйын болуп өттү.
Жыйындын негизги максаты катары мамлекеттик компаниялардагы түзүлгөн кырдаалды талкуулоо болуп саналат.
“Өкмөт мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын натыйжасыз ишмердүүлүгүнө байланыштуу кооптонуусун билдирет. Кыска мөөнөттө бизге мыкты дүйнөлүк тажрыйбаларды эске алуу аркылуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Концепцияны иштеп чыгуу керек», — деди Жоомарт Оторбаев.
“Мыкты тажрыйбалар Казакстанда колдонулууда, анда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун ролу толугу менен которулган. Ал жерде Фонд мамлекеттик активдерди сатыкка даярдоочу убактылуу башкаруучусу болбостон, «наемным менеджер” болуп калган, анын милдети — инвестордун, бул жерде мамлекеттин салымдарын көбөйтүү,», — деди Премьер-министр.
Өкмөт башчынын айтымында, бүгүнкү күнгө карата мамлекеттик компанияларда Фонд тарабынан сунуштала турган корпоративдик башкаруу принциптери иштебейт.
“Ушул кезге дейре мамлекеттик компанияларда “советтик ыкма” иштетилет. Менеджерлерди сыйлоо жана кызматкерге дем берүү сыяктуу тутум жок. Жогорку акы алып, сапаттуу иштеп бере ала турган менеджерлерди тартуу зарыл. Алар ишинин натыйжасы боюнча бонустарды алып, же кызматтан четтетилиши керек. Мында кызматкерлердин ашепке штатын кыскартып, кадр саясатын модификациялоо зарыл. Бизнести бизнес ыкмасы менен башкаруу керек», — деди Жоомарт Оторбаев.
Андан соң Премьер-министр мамлекеттик компанияларды реформалоодогу маморгнадардын ордуна токтолду. Алсак, ал Маммүлк фондунун ишин сынга алды: «Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 20 жылдык ишмердүүлүгүндө эмнеге айланды? Бул классикалык министрлик сыяктуу эле мамлекеттик орган, болгону рангы боюнча төмөн турат жана башкаруу түзүмү натыйжасыз. Маммүлк фонду ачык эмес орган катары саналат. Биз аны кайра түзүү тууралуу ойлонуубуз керек».
“Бүгүн аталган фонддун колунда жада калса мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү тизими жок. Канча киреше, чыгаша болуп жаткандыгы жана мамкомпаниялардын капитал боюнча кайтарымдуулугу боюнча маалыматтар белгисиз. Концепцияга милдеттүү түрдө ички жана тышкы аудит маселесин киргизүү керек, бул туурасында бүгүн эч кандай жак кеп кылган жери жок», — деп белгиледи Премьер-министр.
“Биз саясатты Экономика министрлигине тапшырганбыз, бирок Экономика министрлиги Фонд менен иштешпейт. Ал бул милдетин унутуп, иш жүзүндө бир дагы сунуш келтирген эмес”, — деп кошумчалады ал.
Өкмөт башчы мыкты эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен ведомствонун иштөө сапатын жогорулатуу максатында жана Фонддун милдетин жана уюштуруу-укуктук түзүмүн карап чыгууну сунуштады.
«Мамлекеттик компаниялар жеке компаниялар сыяктуу эле принциптер боюнча иш алып баруусу кажет. Мында жетекчилер инвесторлордун капиталын жогорулатуу үчүн күч жумшоосу тийиш. Бул ар-бир менеджер үчүн арип тааныгандай болушу керек», — деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.
Компаниялардагы Директорлор кеңешинин ролу тууралуу өзгөчө талкуу жүрдү.
“Мамлекеттик компаниялардын Директорлор кеңеши ишти начар алып барууда, алар ишти жакшыртууга таасир кылышпайт. Алар толугу менен Фонддон көзкаранды, кадрдык саясаттан тышкары болуп, чыныгы таасир кыла алышпайт», — деди Жоомарт Оторбаев.
Андан соң жыйын катышуучулары мамлекеттик компанияларды реформалоо боюнча так чараларды талкуулашты, келечекте ал сунуштар Концепцияга киргизилмекчи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү