24

Апрель

2014

Джоомарт Оторбаев: «Налаживание эффективного диалога с населением должно повысить доверия общества к органам власти. Это наш приоритет»

Бүгүн, 24-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы алдында Өкмөттүн “Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук кайрылуулары” интернет-порталын ишке киргизүүгө даярдыгына арналган кеңешмеси болуп өттү.

Бул портал kattar.kg домендик ат менен Өкмөттүн эл менен байланышын жакшыртат. Ал аркылуу өлкөдө жана андан сырткары жашап жаткан жарандар Өкмөттүн ар бир мүчөсүнө, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө түздөн-түз байланыша алат.

Жоомарт Оторбаев мамлекеттик органдар тарабынан маалыматка кеңири мүмкүнчүлүктүн түзүлүшүн демилгелөө абдан маанилүү дейт.

“Биздин Өкмөт ишинин башкы принциптери катары ачык-айкындуулукту тандап алды. Биз зарыл болгон маалыматтарын түздөн-түз алууга коомчулукка мүмкүнчүлүк түзгөн жаңы байланыш аянтчаларын киргизишибиз зарыл. Эл менен натыйжалуу сүйлөшүү менен коомчулуктун бийлик өкүлдөрүнө болгон ишеничин жогорулатууга болот. Бул биздин приоритет”-, деди Жоомарт Оторбаев.

Жөнөкөй интернет-портал жарандардын мамлекеттик бийликтин каалаган органына кат жөнөтүп, катталуу номурун алып, анын жыйынтыгы менен тааныша алат.

“Бул порталды жандандырууга баардык мамлекеттик органдар жигердүү катышуусу керек. Аны пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен ар бир жаран тааныш болуусу абзел. Иштетүү ыкмалары жөнөкөйлөштүрүлүп, элге ыңгайлаштырылат”, - деди Жоомарт Оторбаев.

Премьер-министр белгилегендей, жаңы веб-сайтты иштетүүнү тездетүү зарыл. Ошондой эле укуктук-нормативдик базаны, өзгөчө аймактардагы каттар бөлүмдөрүнүн деңгээлин бекемдөө керек.

“Каттар менен арыз, даттануулар менен иштөө тек гана таза болбостон, ыкчам ишке ашыруу да керек. Бул багытта адам ресурстары менен катар техникалык багыттарын да карап чыгуу зарыл”, - деди Жоомарт Оторбаев порталды ишке киргизүү эки айды талап кылаарын кошумчалап.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү