26

Апрель

2014

Джоомарт Оторбаев: «По итогам года к руководителям госорганов с наихудшими оценками будут приниматься дисциплинарные меры, вплоть до освобождения от занимаемых должностей»

Бул туурасында, 26-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Өкмөттүн жыйынында, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү башкаруу бийлигинин 2013-жылдагы ишмердүүлүгүнө баа берүү учурунда айтты.

Бул маселе боюнча докладды КР экономика министри Темир Сариев жасады.

Ал мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө баа берүү системасын киргизүү – мамлекеттик башкаруунун жаңы технологиялары менен жаңы системага өтүүсү экендигин айтты.

“Баалоо менен мамлекеттик органдардын жетекчилерине башкарууну натыйжалуу чечүүгө, мерчем, программаларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, тармактык бөлүмдөрүнүн ишин баалоого мүмкүнчүлүк берет. Жогорку Кеңеш алдында Өкмөткө баа берүүдө негиз болуп берет”, - деди экономика министри.

Баалоо Кыргызстанды базалык көрсөткүч, вариативдик көрсөткүч, эл аралык рейтингде орду жана элдин ишеничи аркылуу жүргүзүлөт.

“2013-жылдын жыйынтыгы менен жогорку бааны билим берүү жана илим жана саламаттык сактоо министрликтери алды. Мекемелер арасында байланыш агенттиги мыкты көрсөткүчтө болду. Төмөнкү ишмердүүлүктө деп маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана геология жана минералдык ресурстар агенттиги болду”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев докладчынын сөзүнөн кийин, 2014-жыл жыйынтыгы менен төмөнкү көрсөткүчтөгү баага татыктуу болгон мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки чаралар колдонуларын айтты.

“Мамлекеттик органдардын жетекчилери иш стилин өзгөртүшү керек. Жүктөлгөн милдеттерди жоопкерчилик менен аткарып, элден жеме укпагыдай жана ишмердүүлүгүнө жакшы баа алгыдай иш процессин башкара билүүсү абзел”, - деди Жоомарт Оторбаев.

Талкуунун соңунда доклад кабыл алынды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү