12
Апрель
Джоомарт Оторбаев: «По запрету ввоза праворульного транспорта необходимо провести общественные слушания и только потом принять решение»
Бул туурасында, 11-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында “Кыргыз Республикасынын жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча 2013-жылы республикада оң рулдуу унааларда 1472 жол кырсыгы катталган, анда 267 адам каза болгон.
Ички иштер министри Абдылда Суранчиевдин маалыматына ылайык, 2013-жылдын 31-декабрына карата республикада 991 888 даана унаа каттоодон өткөн. Алардын 127 383 даанасы рулу оң тарабында жайгашкан унаалар (жалпы унаалардын 13% түзөт). Ошол эле учурда, оң тараптуу башкаруудагы унааларды өлкөгө алып келүү көбөйүүдө.
Абдылда Суранчиевдин пикиринде мындай унаалардын Кыргызстандын жолдорунда көбөйүшү жол коопсуздугуна терс таасирин тийгизүүдө.
“Мындай унаалардын саны жалпы унаалардын 13 пайызын гана түзгөнү менен кырсыктардын көрсөткүчү да ушул унаалар арасында жыл сайын өсүп жатат. 2013-жылы катталган жол кырсыктарынын жалпы санынан алардын салыштырмалуу көрсөткүчү 21,4%га өскөн”, - деди ал.
Кыргыз Республикасынын каржы министри Ольга Лаврова билдиргендей, оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу менен республикалык бюджетке түшкөн каражаттын, бажы төлөмдөрү боюнча 1148,3 млн. сом жоготобуз.
Өз кезегинде КР ИИМ жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын башчысы Талантбек Исаев оң рулдуу унааларды алып келүү жана каттоодо 3-4 ири оюнчунун гана экономикалык кызыкчылыгы жабыркайт, алар эч кандай жоготуусуз эле сол рулдуу башкаруудагы унааларды Европа, АКШ өлкөлөрүнөн алып келе тургандыгын айтты.
Токтом долбоорун талкуулоонун жыйынтыгында Жоомарт Оторбаев оң рулдуу башкаруудагы унааларды алып келүүгө тыюу салуу менен социалдык, экономикалык мүнөздөгү натыйжаларга дуушар болоорубузду белгиледи.
“Аталган маселени чечүүдө авто сүйүүчүлөрдүн, унаа ташуучулардын, оң рулдуу башкаруудагы унааларды ташуу менен иш алып барган компаниялардын кызыкчылыгын да эске алышыбыз зарыл. Буга ылайык, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги келе жаткан жумадан баштап, сөз болуп жаткан мыйзам долбоорун кеңири чөйрөдө коомдук талкууга коюп, андан соң гана чечим кабыл алышы абзел. Белгиленген талкууга мен өзүм катышып, баардык тараптардын ойун угууга даярмын”, - деди Өкмөт башчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү