28
Март
2014
Жума жыйынтыгы 24-28-март 2014-жыл
24-март
Республиканын банктары фермерлерге 1 миллиард сом көлөмүндөгү насыя берди
“Айыл чарбасын каржылоо-2” долбоорунун алкагында республиканын дыйкандарына, фермердик чарбаларга, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөргө жалпы суммасы 1 миллиард 297 миллион 429 миң сом көлөмүндөгү 4 288 жеңилдетилген насыя берилди.
Учурда насыя берүү боюнча банктардын мисалында төмөндөгүдөй:
ААК «Айыл Банк» 1 982 насыя 573 331,0 миң сом.
ААК «РСК Банк» 1 359 насыя 457 344,0 миң сом.
ААК «Бакай Банк» 91 насыя 17 337,0 миң сом.
ЖАК «KICB» 364 насыя 107 080,0 миң сом.
ААК «Оптима банк» 492 насыя 142 337,0 миң сом.
25-март
Жантөрө Сатыбалдиев Өкмөт мүчөлөрүнө жемиштүү жумушу үчүн ыраазычылыгын айтты
Жантөрө Сатыбалдиев Өкмөт мүчөлөрү менен жолугуп, өзүнүн жеке каалоосу менен Премьер-министрдин милдетин убактынча биринчи вице-премьер-министр Джоомарт Оторбаевге өткөрүп бергендигин жарыялады.
Ал өз сөзүндө Өкмөттүн 1 жыл 6 айдан ашыгыраак ишмердүүлүгүндө жакшы саамалыктарга, ийгиликтерге жана жетишкендиктерге бай, маанилүү окуяларга жыш толгон мезгил болгонун айтты.
Мисалы, 2012-жылдын 5-сентябрында Өкмөт ишке киришип жатканда өлкө экономикасынын өсүш темпи 6 пайызга төмөндөп кеткен учур болчу. Анын үстүнө мурдагы Өкмөт “Кумтөрдөн” 2013-жылы түшө турган 30 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү салыкты 2012-жылы эле алдын-ала алып койгонун эске алганда, республика бюджетинин абалы абдан оор эле. Кышка даярдык жокко эсе болчу.
Ушундай кырдаалда жаңы дайындалган Өкмөт бардык күч-аракетин экономиканын төмөндөөсүн токтотууга жана калктын, бардык социалдык обьекттердин кышка даярдыгын күчөтүүгө жумшады. 2012-жылдын акыркы 4 айынын жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн алдына коюлган биринчи кезектеги бардык милдеттер негизинен аткарылды.
Ошону менен бирге 2013-жылы Президент менен биргеликте 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын иштеп чыгып, алдыбызга чоң максаттарды койдук. Өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыттарын так аныктап, белгиленген пландарды ишке ашырууда ар бир Өкмөт мүчөсүнүн жоопкерчилиги жогорулады. Ошондуктан, ар кандай кызыкчылыктарды көздөшкөн саясый топтордун тынымсыз тоскоолдуктарына жана туш тараптан басым көрсөткөндөрүнө карабастан, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча дээрлик көпчүлүк пландарыбызды аткара алдык. Өлкөнүн ички дүң продукциясы 10,5 пайызга өстү, “Кумтөрдү” кошпогондо бул көрсөткүч 6,1 пайызды түздү. Өткөн жылы бюджеттин салыштырмалуу кирешелер боюнча көрсөткүчтөрү акчалай түрдө 11 млрд. 913,5 млн сомго өстү. Өсүүнүн номиналдык темпи 14,8 пайызды түздү.
Мына ушундай өсүштүн натыйжасында Өкмөт Кыргызстан калкынын алдындагы өзүнүн социалдык милдеттенмелерин негизинен толук аткарды. Айлык акылар, пенсиялар жана башка жөлөк пулдар өз убагында толук көлөмдө төлөнүп жатты. Республика боюнча бардык социалдык кызматкерлердин айлыктары 100 пайызга көтөрүлдү.
Былтыр республика боюнча 50дөн ашык жаңы мектептер курулуп, пайдаланууга берилди. Чек арада жайгашкан райондордун инфраструктураларын жакшыртууга 400 млн. сом каралып, анын тең жарымы каржыланды.
Өкмөт эл чарбасынын негизги тармагы болгон айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн, айыл жеринде жашап жана эмгектенишкен фермерлер менен дыйкандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн жигердүү аракеттерди көрдү.
Айыл чарба тармагында 5 коммерциялык банктар аркылуу дыйкандарга 3 млрд. 200 млн. сом жеңилдетилген насыялар берилди. Бул жылы 5 млрд. сомго чейин насыя берүү пландалган. Бүгүнкү күнгө 5 млрд. сомдун 1 млрд. сомдон ашыгы берилди. Бул насыялар Кыргызстан боюнча малдын башын көбөйтүүгө, дан эгиндерин, төө буурчактын аянттарын кеңейтүүгө чоң түрткү болду.
Мындан тышкары, 200гө жакын ар кандай түрдөгү жол техникалары сатылып алынды. 86 медициналык тез жардам машиналары сатып алынды. 1200дөн ашык айыл чарба техникалары дыйкандарга берилди, анын ичинен лизингге 574ү берилди. Жер семирткичтердин баасы мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки эсеге арзандатылды.
Токтоп турган Кайынды кабель, Майли-Суу электр-лампа, трансформатор чыгарчу ОРЕМИ заводдорунун иши жандандырылды.
2013-жылдын жыйынтыгы менен өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 34,5 пайызга жогорулаган. 2013-жылдын жыйынтыгы менен экспорт 1548,1 млн. доллар көлөмүндө болуп, 8,1 пайызга жогорулады.
Былтыркы жетишилген чектерди төмөндөтпөй, өлкө экономикасын туруктуу өнүгүү жолуна салуу үчүн быйылкы жылга карата жакшы негиздер түзүлгөндүктөн, 2014-жылдын январь-февраль айларында экономиканын өсүүсү 5,9 пайызды түздү. Жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүшүн 7 пайыздан кемитпөөнү болжолдонгон. Бул жылы чоң ири долбоорлор курулушу башталат. Алардын арасында Бишкек жылыткыч борборун реконструкциялап, кубаттуулугун жогорулатуу, Токтогул ГЭСин модернизациялоо, “Кемин” подстанциясынын курулушу уланат, “Датка–Кемин” жогорку кубаттагы электр зымдарын тартуу, Жогорку Нарындагы ГЭСтердин курулушу улантылат. Бул долбоорлордун иш жүзүнө ашыруу Кыргызстандын энергетикалык жактан көз карандысыздыгын камсыз кылат.
Быйыл “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү жолунун курулушу башталат, тоо-кен тармагында Кеминдеги “Талды-Булак Алтынкен”, Ала-Бука районундагы “Бозумчак” жаңы ишканалары пайдаланууга берилет.
Өкмөттүн алдында ушуга окшогон дагы көптөгөн стратегиялык маанидеги милдеттер коюлган болчу. Мисалы, Ипотекага социалдык турак жайларды куруу маселеси, айыл чарбада моделдештирилген кооперативдерди түзүү. Тилекке каршы, ар кандай обьективдүү жана субьективдүү себептерден улам жана көбүнчө убакыттын жетишпей калгандыгына байланыштуу көп пландарыбыздын аягына чыга албай калдык, кетирилген каталарды оңдоого жетише албадык. Бул үчүн мен жалпы Кыргызстан элинен жана менин үзөңгүлөштөрүм болгон сиздерден чын жүрөгүмдөн кечирим сурайм.
Сөзүнүн аягында Жантөрө Сатыбалдиев бир жарым жылдан ашыгыраак мезгилде эриш-аркак болуп, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн ак ниети менен аткарган иштери үчүн Өкмөт мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдирди.
26-март
“Ала-Тоо Финанс” кичи насыя берүү агенттигин жоюу жөнүндө чечим кабыл алынды
Кыргыз Республикасынын аталган токтому Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 96-беренесине ылайык кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын 10-17-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы “Ала-Тоо Финанс” кичи насыя берүү агенттигин жоюу жөнүндө чечим кабыл алды.
Бул чечимди эске алуу менен, “Ала-Тоо Финанс” кичи насыя берүү агенттигин жоюу процедурасы үчүн жоюу комиссиясы түзүлдү.
Аталган комиссия 3 айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин негизинде “Ала-Тоо Финанс” кичи насыя берүү агенттигин жоюунун үстүндө иш алып барат.
Бир жыл мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ЖАК “Кумтөр Голд Компанинин ” демөөрчүлүк жардамын оптимизациялоо жөнүндө” токтому кабыл алынган.
27-март
Жоомарт Оторбаев: Биздин милдет – үй-бүлөнүн баалуулуктарын биринчи орунга алып чыгуу
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев Кыргызстандагы балдардын абалы боюнча Улуттук кеңешине катышты.
Жоомарт Оторбаев өз сөзүндө мамлекет тарабынан бала менен үй-бүлөнү колдоо маселеси өлкөдө курч турганын белгилеп, тилекке каршы экономиканын оор абалына байланыштуу муктаждыктарды толук камсыз кылуу мүмкүн болбой жатканын айтты.
“Биздин милдет – үй-бүлөнүн баалуулуктарын биринчи орунга алып чыгуу. Бир топ жайсыз үй-бүлөлөр мектепке барбаган кароосуз балдардын пайда болуусуна шарт түзүүдө. Жатак мектептердеги балдардын 80 пайызынын ата-энеси бар. “Үй-бүлө” түшүнүгү жоголуп баратат”, – деди Жоомарт Оторбаев.
Анын пикиринде, 21-кылымда жашаган мамлекеттин 30 миңге чукул балдары мектепке барбайт деген алгылыктуу эмес. Расмий маалыматтар боюнча 2,5 миң бала кайырчы, ал эми расмий эмес маалымат боюнча бул сан дагы жогору болушу мүмкүн.
“Ар бир баланын үй-бүлөсү болууга тийиш. Өкмөт тарабынан мындай үй-бүлөлөрдү колдоо толук кандуу жүрбөй жатат. Жөлөк пулдарды 10 пайызга көтөрүү менен көйгөй чечилбейт. Балдардын абалын жакшыртуу үчүн биз тереңдетилген ишти алып барабыз. Катаал турмуштук шарттагы үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтө турган стратегия бар бизде”, – деди Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.
Ошондой эле, ал Өкмөт балдардын моралдык жогору баалуулуктарын жаратуунун үстүндө ишти күчөтүү керек экенин айтты. “Үй-бүлөнүн моралдык баалуулуктары бузулса, эч бир акча менен аны кайра тургузууга болбойт. Биздин кеңештердин чабыты кең, биз балдардын турмуш шартын жакшырта турган жол картасын кабыл алабыз”, – деп жыйынтыктады Жоомарт Оторбаев.
28-март
Жоомарт Оторбаев бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин XV жыйынын өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин жыйынын өткөрдү.
Жоомарт Оторбаев жыйынды ачып жатып, Кеңештин иши начар эмес экендигин жана үч жылда 15 жыйын өткөндүгүн маалымдады. “Арийне, биз жыйындардын санына эмес, сапатына, кабыл алынган чечимдер менен анын аткарылышына көңүл бурушубуз зарыл. Жакын арада биз өлкөнүн аймактарында инвестициялык аянтча ачабыз. Биринчилерден болуп Нарын менен Ошто ачылат. Биздин Кеңештин тажрыйбасы ушул шаарларга көчүрүлөт. Мындай принциптер аймактарда да пайда болуп, мыкты натыйжа берүүгө тийиш. Ошол себептен, бизнес-ассоциациялар бул шаарларда кесиптештерине жардам бериши керек”, – деди Жоомарт Оторбаев.
Жоомарт Оторбаев аймактарда инвестиция өсүп жаткандыгын айтып, анын мисалында Ош шаарын белгиледи жана аталган калаа колдоо табуусу абзел экендигин билдирди.
Жыйындын күн тартибинде 6 маселе каралды. КР Өкмөтүнүн текшерүү саясаты боюнча мурда кабыл алынган аянтчаны түзүү жана колдоо маселесин чечүү чечими тууралуу, салык отчетун жөнөкөйлөштүрүү, инвестицияны тартууда туруктуу абалды сактоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топ менен эксперттердин маалыматы уктурулду.
Бишкек ишкерлер клубу менен жабдуучу дистрибютордук ассоциациясы бирдей салык декларациясын киргизүү, жеткирүүдөгү кошумча салык, накталай төлөм боюнча өкмөттүн демилгесин карап чыгууну сунуштады.
Учурда, 6 бизнес-ассоциациясы бирдей салык декларациясы боюнча сунушталган формага каршы көз карашын билдиришти. Белгилей кетсек, алар декларацияга эмес, отчеттуулуктун татаал формаларына жана декларацилоонун айрым иштелип чыкпаган процедураларына каршылыктарын айтышты.
2013-жылдын 5-декабрында “Кыргыз республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр кабыл алынган. Анда 300 миң сомго чейинки накталай төлөм болсо, материалдык ресурска кошумча салык алынып салынат. Учурда бизнес-ассоциациялар аталган беренени кайра карап чыгууну талап кылышууда. Себеби, бул түзөтүүлөр салыкка болгон бааны өстүрүп, кичи жана орто бизнес өкүлдөрүн көмүскө экономикага кетүүгө шарт түзөт.
ЭЭА Ассоциациясынын инвесторлору Эркин экономикалык аймагынын укуктук башкаруусуна байланыштуу маселени көтөрүп чыкты. 2014-жылдын 11-январында КР Президенти “ Кыргыз республикасындагы эркин экономикалык аймактар жөнүндө” Мыйзамга кол койгон. Ага байланыштуу бизнес-коомчулук аталган мыйзам күчүнө кирсе, эркин экономикалык аймак институтунун бара-бара жок болуусуна алып келет, ЭЭАнын ишкерлерине айрым тараптар бийлигин күчөтүп, коррупцияга жол ачат деп чочулашат.
Байланыш операторлор Ассоциациясы электр байланыш операторлор тармагында ыкчам иликтөө иштерин камсыздоо техникалык каражаттарын киргизүү маселесин маалымдашты. Ассоциациянын белгилөөсүндө, мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо – мамлекеттин өзүнүн негизги иши. Бул багытта, электр байланышы операторлорунун ыкчам иликтөө иштерин камсыздоо техникалык каражаттары боюнча чыгымынын 1%ы байланыш операторлору тарабынан төлөнөт.
Жыйында чет элдик жарандардын турак жай менен камсыз болушун татаалдатуу, дасыккан адистерди ишке тартуу максатында чет элдик мигранттардын Кыргыз Республикасында ишке орношуусун жөнөкөйлөтүү жана Бишкек, Ош шаарларында айыл чарбасына ылайыксыз жерлердин аймактык коэффициентинин көлөмүн жогорулатуу жөнүндө сөз болду.
Жыйындын соңунда мамлекеттик органдарга болгон Кеңештин сунуштарынын чечимдери кабыл алынды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү