13
Август
Премьер-министр Дж.Оторбаев: «Мы приступаем к масштабной реформе Социального фонда»
Бүгүн, 13-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев КР Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин, КР вице-премьер-министри Эльвира Сариеванын, Социалдык фонд төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевдин жана тийиштүү министрлик жана ведомстволордун жетекчилеринин, ошондой эл Өкмөт Аппаратынын кызматкерлеринин катышуусунда КР Социалдык фондун реформалоо боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйын учурунда Жоомарт Оторбаев Соцфонддун бюджеттик каражат бөлүү боюнча саясатын кайрадан карап чыгуу, анын ичинде пенсиялык тутумду, уюшулган сектор үчүн камсыздоо төлөм коюмдарын, соцтөлөмдөрдү администрациялоону реформалоо маселесин карап чыгуу pарылдыгын белгиледи
Премьер-министрдин маалыматы боюнча, 2015-жылы Социалдык фондго республикалык бюджеттен 17 млрд сом өлчөмүндөгү каржылоо талап кылынат, бул 2014-жылга карата бөлүнгөн каражат планынан 2,2 млрд сомго көп.
Буга байланыштуу Жоомарт Оторбаев белгилегендей, учурдагы пенсиялык камсыздоо тутуму басымдуу түрдө көмөкпулга муктаж, мында көптөгөн пенсионерлер тобу пенсияга кошумча көмөкпул алышат.
“Республика Соцфондго пенсиялык трансферлер боюнча мамбюджетке карата келтирген жүгү боюнча жогорку чекке жетти. Жеңилдетилген пенсиялык кошумчаларды тыкыр текшерүүгө алуу учуру келди. Пенсия муктаж жактарга социалдык колдоо көрсөтүү катары каралышы керек. Өкмөт Соцфондго каражат бөлүүнү кыскартууга умтулуп, анын ишмердүүлүгүн реформалоого киришти», — деди Жоомарт Оторбаев. Учурда КР Өкмөтү тараптан Пенсиялык тутумду өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу үстүндө иш алып барууда, ал үстүбүздөгү жылдын күзүндө Өкмөт жыйынында каралат.
Теманы улантууда Жоомарт Оторбаев социалдык төлөм жана пенсияларды төлөп берүүдө диспропорция орун алып жаткандыгын белгиледи.
“Пенсионерлердин чоң топтору бюджет эсебинен гана эмес, башка пенсионерлер тобунун камсыздоо төлөмдөрү эсебинен кошумча каржыланат. Уюшулган тармак өкүлдөрүнө пенсия көлөмү коэффициент тутуму аркылуу төмөндөтүлөт, ал эми башка пенсионерлер тобуна жогорулатылат. Социалыдк акыйкатсыздык келип чыгып жана уюшулган сектордун социалдык чогултуулар төлөмүн айкын жүргүзүү боюнча мотивациясы төмөндөйт. Учурдагы пенсиялык тутумда “советтик мезгилдеги теңдөө” элементтери сакталып калган», — деп кошумчалады Премьер-министр.
Тактап айтканда, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы көлөмүндө дыйкан чарбалардан түшкөн кирешелердин салыштырма салмагы 1% түзсө, ал эми айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн пенсиялык жактан камсыздоого жалпы пенсиялык төлөмдүн 36% жакыны багытталган. Өзүн-өзү иш менен камсыздаган жарандардан түшкөн төлөмдөр бардык чогултуулардын 2% гана түзсө, бул тармакта калктын басымдуу бөлүгү эмгектенип, алардын саны 150 миң адамга жетет. Социалдык төлөмдүн негизги жүгү бюджеттик уюмдарга туш келип, ал чогултуулардын - 40% , ал эми уюшулган тармактар 57% түзөт.
2014-жылдын июлунда Өкмөт токтому аркылуу айрым субьектилер тобу үчүн социалдык төлөмдөр коюумун өзгөртүү мыйзам долбоору бекитилген, анын максаты – Соцфондго түшүүлөрдү жогорулатуу жана дыйкан чарбалар, өзүн-өзү иш менен камсыздаган жактар жана башка категориядагылар боюнча социалдык төлөмдөрдүн диспропорциясын теңдештирүү.
Кийинки тема катары уюшулган тармак үчүн камсыздоо төлөм коюуму талкууланды. Анын жүрүшүндө салык коюумун салыштырмалуу социалдык төлөм боюнча коюмдар жогору экендиги тууралуу пикир айтылды, бул бизнес-коомчулуктун нааразычылыгын пайда кылууда. Ошондой эле айлык акыны көмүскөгө калтырып, аны “конвертте” берүү тенденциясы белгиленди.
“Социалдык төлөмдөр боюнча жогорку коюумдарга байланыштуу киреше салыгы боюнча чогултуулар зыян тартууда. Соцтөлөмдөр коюумун азайтуу аркылуу уюшулган сектордон жүктү азайтуу керек. Мындай кыскартуулар экономикада олуттуу орунга ээ болгон кичи жана орто бизнестен түшкөн соцтөлөмдөрдү чогултуу планы боюнча көйгөйдү чечүүгө багытталат. Мындай төмөндөтүүлөр басымдуу жасалып, бирок мамлекеттик мекемелер жана ири салык төлөөчүлөр үчүн төмөндөтүүнүн өзгөчө графиги болушу тийиш», — деп билдирди Өкмөт башчы.
Андан соң ал белгилегендей, коюумду төмөндөтүү чогултууларды администрациялоону күчтөндүрүү жана айыл чарба тармагынан жана өзүн иш менен камсыздандырган тараптардан чогултуулардын көлөмүн жогорулатуу менен коштолуусу тийиш. Социалдык төлөм коюумунун төмөндөтүлүшү көмүскө айык акыларын жана көмүскө кызматкерлерди сууруп чыгып, салык базасынын кеңейишине мүмкүндүк түзөт. Натыйжада социалдык төлөм боюнча гана эмес, киреше салыгы боюнча да чогултуулар жогорулашы тийиш», — деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.
Социалдык төлөмдү администрациялоого кеңири токтолуп, келечекте республика өнүккөн мамлекеттерде иштеп жаткан тутумга келиши керек, анда салык жана социалдык төлөмдөрдү бир орган чогултат.
“Бирдиктүү орган эсептелген Мамлекеттик салык инспекциясы (МСИ) тарабынан кирешелерди гана эмес, чыгашаларды да эсепке алуу менен бирдиктүү салык декларациясын киргизүү аркылуу чогултууларды администрациялоо анын көлөмүн бир топ жогорулатууга мүмкүндүк берет. Социалдык төлөмдөрдү чогултуу милдетин МСИ өткөрүп берүү Салык кызматы жана Соцфонд ишмердүүлүгүнүн өз-ара терең интеграциясын талап кылат», — деди Жоомарт Оторбаев.
2014-жылдын май айында Өкмөт тарабынан Социалдык төлөмдөрдү чогултуу жана отчет алуу милдетин Соцфонддон МСИ өткөрүп берүү боюнча иштер башталган, тактап айтканда, республиканын эки районунда пилоттук долбоорлорду ишке киргизүү чечими кабыл алынган. Соцфонддун айрым милдеттерин МСИ өткөрүп берүү боюнча план иштелип чыккан. Учурда Өкмөт социалдык төлөмдөрдү чогултуу боюнча органды аныктоо укугун Өкмөткө берүү жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелөөдө.
“МСИ жана СФ ишмердүүлүгүнүн тыгыз кызматташуусу бүгүндөн башталышы керек. Алсак, МСИ айыл өкмөтүнө таянуу аркылуу жер салыгын натыйжалуу чогултат, ошол эле учурда Соцфонд фермерлерден социалдык төлөм чогултуу боюнча көйгөйлөргө ээ, бирок бул төлөмдөрдү администрациялоо дээрлик жер салыгы менен бирдей», — деп түшүндүрдү Өкмөт башчы.
МСИ жана Соцфонд аралык ушундай эле кызматташуу патент үчүн төлөм алынууда да керектелет. МСИ жана Соцфонд ортосундагы координациянын жоктугунан ишкер МСИ патент алып, бирок кийин Соцфодго төлөбөй коюушу ыктымал Ушул ыкма менен көптөгөн салык төлөөчүлөр Соцфондго төлөм төлөбөйт. Натыйжада МСИ патенттердин саны Соцфондго салыштырмалуу 2 эсеге көп.
“Бирдиктүү терезе” уюштуруу зарыл, анда салык жана Соцфонд кызматкери болушу абзел, бул төлөмдөрдү чогултууну гана жогорулатпастан, ишкерлер үчүн ыңгайлуулук да түзөт. Соцфонд жана МИС ортосунда өз-ара кызматташуунун жалпы тутуму зарыл. Администрациялоо үчүн МСИ жана СФ бир базага ээ, ошондуктан эки орган аралык макулдашылган аракеттер болушу, ал эми келечекте башкаруу бир гана орган тараптан аткарылышы зарыл», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.
Премьер-министрдин айтымында, Жогорку Кеңеште убактылуу чара катары Соцфондго рейддик көзөмөл укугун ыйгаруу боюнча Өкмөттүн мыйзам долбоору жатат.
“Бирок МСИ ыйгарым укугу салыштырмалуу чоң экендигин моюнга алуу керек. Мындан тышкары, МСИ ишмердүүлүгү Финансы полициясы тарабынан колдоого алынат. Ал эми Соцфонд кызматкерлери мамлекеттик кызматкер катары саналбайт. Келечекте МСИ көзөмөл функцияга ээ бир гана көзөмөл органы болуп калышы кажет», — деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.
Жыйын соңунда Жоомарт Оторбаев Социалдык фондду реформалоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү