07
Июнь
Премьер-министр Джоомарт Оторбаев: Нам необходимо развивать регионы, а без качественных дорог сделать это невозможно
Бүгүн 6-июнь күнү Премьер-министр Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулуш иштери менен таанышып чыкты.
Жоомарт Оторбаевдин айтымында жалпы баасы 850 млн АКШ долларына барабар Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун курулушу аймактардагы экономикалык абалды жакшыртып, инвестициялык жагдайдын жакшырышына алып келмекчи.
“Биз аймактардын өнүгүшүнө абдан чоң маани беребиз, бирок аймактардын өнүгүшүн сапаттуу жолдорсуз элестетүү мүмкүн эмес. Кечөө бул жерде конструктивдүү түрдө “Нарын-улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык байланыш” аттуу эл аралык инвестициялык форум болуп өттү. Анын жыйынтыгында Польшалык инвесторлор менен аточогултуучу заводдун курулушу тууралуу макулдашылды. Бул абдан жакшы жышаан, себеби, Нарын агрардык регион болгону менен ошол эле учурда өнөр-жайын өнүктүрүүгө дагы багыт алуудабыз”-деп билдирди Жоомарт Оторбаев.
Маалымат үчүн: Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзүп, анын курулушу 3 фаза менен өтмөкччү:
- Фаза — I , узундугу154 км, төмөнкү маршруттар менен өтөт, Кызыл-Жылдыз – Арал (183-195 км) Казарман –Жалал-Абад (291-433 км) жана узундугу 3,7 чакырымды түзгөн Көк-Арт ашуусундагы тоннельдин курулушун камтыйт. I-фазанын курулушунун жалпы баасы 400 млн. АКШ доллары жумшалат.
- Фаза — II, узундугу 96 км, төмөнкү маршруттар менен өтөт, Арал —Казарман (195-291 км). Бул этапта 0,7 чакырымды түзгөн тоннельдин курулушу каралган. II-фазанын курулушунун жалпы баасы 284 млн. АКШ доллары жумшалат .
- Фаза — III, узундугу183 км, төмөнкү маршруттар менен өтөт,Балыкчы — Кызыл-Жылдыз (0-183 км). Курулуштун жалпы баасы 166 млн. АКШ доллары жумшалат .
Долбоорду ишке ашырууга 56 ай каралган. Куруу иштеринин башталышы 2014-жылдын март айы, аяктоо мөөнөтү 2018-жылдын ноябрь айы.
КР Өкмөт Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү