08

Июнь

2014

Премьер-министр Джоомарт Оторбаев поручил ускорить работу по модернизации головной насосной станции города Чолпон-Ата

7-июнь күнү Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары учурунда Чолпон-Ата шаарынын башкы насостук станциясынын жана тазалоочу жабдыктардын абалы менен таанышып чыкты.

Жоомарт Оторбаевге объектилердин учурдагы абалы менен Архитектура, курулуш, турак-жай, коммуналдык чарбачылыгы мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов тааныштырып чыкты.

Анын айтымында насостук станциянын толук кандуу иштеши үчүн дагы 2 насостук станцияны ишке берип жана дагы 1нү куруу керек.

“Бул өтө маанилүү, себеби азыркы маалда бул жерде болгону 2 насос эптеп иштеп жатат” дейт агенттиктин жетекчиси.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев болсо Азия өнүктүрүү банкы Чолпон-Ата шаарынын насостук станцияларын жана тазалоочу жабдыктарын модернизациялоого каражат бөлөөрүн билдирди.

“Бул жаатта ишти тездетип, модернизациялоо иштерин тез арада бүтүрүш керек, ал үчүн жергиликтүү бийлик мамлекеттик курулуш агенттигине кол кабыш кылуусу зарыл”-деп билдирди Премьер-министр.

КР Өкмөт Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү