13
Февраль
Состоялось заседание Координационного совета по правам человека при Правительстве КР
Бүгүн, 13 февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Токон Мамытовдун жетекчилиги алдында адам укуктары боюнча Координациялык кеңештин жыйыны болду.
Токон Мамытов Кыргызстан адам укуктары боюнча 40 конвенцияга кол койгонун белгиледи. «Биз адам укуктары боюнча БУУ менен конструктивдүү кызматташуудабыз жана алдыбыздагы бардык милдеттерди аткарууга аракеттенебиз. Айрым чечүүнү талап кылган маселелерге карабастан, жетишкендиктер да бар. Бул тууралуу былтыр түзүлгөн Координациялык кеңештин иши айгинелеп турат», — деди ал. Вице-премьер-министр быйыл республика БУУга адам укуктары туурасында үч баяндама жасоого тийиш экендигин эскертип өттү. «Баяндамалар өз мөөнөтүндө даяр болуусу керек», - деп кошумчалады Токон Мамытов министрликтердин жана мекемелердин жетекчилерине кайрылып. Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын БУУ адам укуктары боюнча механизмдери менен өз ара иш аракеттери жана эл аралык органдардын чечимдерин аткаруу, ошондой эле Координациялык кеңештин 2014-жылга карата иш мерчемдери тууралуу маселелер каралды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү