09
Январь
За 2013 год в Аппарат Правительства поступило 4883 обращений граждан
2013-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жарандардаг 3798 кат жана 1085 оозеки кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан – 132;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен – 809;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасынан – 959;
- Кыргыз Республикасынын Омбудсменинен – 29;
- КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет мамлекеттерден – 32.
Тургундарынан басымдуу арыз-даттануу, сунуштар келип түшкөн аймактар:
- Бишкек шаары – 1197 (31,51%);
- Ош шаары, Ош облусу - 557 (14,66 %);
- Жалал-Абад облусу – 532 (14,01 %);
- Чүй облусу – 512 (13,48 %);
- Ысык-Көл облусу – 301 (7,93 %);
- Нарын облусу – 276 (7,26 %);
- Баткен облусу – 218 (5,74 %);
- Талас облусу – 150 (3,94 %).
Кайрылуулуардын жалпы санынан төмөндөгү беш негизги тайпаны бөлүп кароого болот, алар:
- турак-жай маселеси боюнча кайрылуулар – 351 (9,20%);
- кадр маселеси, жумуш менен камсыздоо, чыр-чатактар жана эмгек маянасы жөнүндө — 336 (8,81 %);
- социалдык кызматтардын иши туурасында кайрылуулар, пенсия, жөлөк пул, жеңилдетүүлөр жана материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө — 301 (7,89 %);
- прокуратура жана КР ИИМ жөнүндө — 295 (7,73 %).
- КР Өкмөттүн Аппаратынын иши жана дыйкан, фермер чарбалары жөнүндө — 229 (6,02%).
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү