29

Январь

2014

Жанторо Сатыбалдиев поручил новому директору Госинспекции по ветеринарной и фитосанитарной безопасности навести порядок в ведомстве

Бүгүн, 29 январда,  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев  Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы  ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын жаңы дайындалган мүдүрүАзизбек  Шакировду  кабыл алды.

Премьер-министр  жарандар  жана бизнес өкүлдөрү тарабынан инспекциядагы  коррупциялык схеманын болушуна байланыштуу  нааразычылыктар  түшүп жаткандыгын белгиледи.

 «Сиздердин милдетиңиздер мекемелердеги коррупциялык схема менен күрөшүү. Өлкөнүн чек араларынан тарта  ири базарларга эт жеткирүүгө чейин тартипке келтирүүдөн баштагыла. Сиздердин ишиңиздер аркылуу базарларда жана дүкөндөрдөгү тамак-аштын канчалык деңгээлде сапаттуу экендиги билинет», —  деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр  жаңы дайындалган мүдүр Азизбек Шакировго ишеничи чоң экендигин билдирди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү