24
Январь
Жанторо Сатыбалдиев: Соглашение о новых условиях реструктуризации проекта «Кумтор» полностью отвечает интересам Кыргызстана
Урматтуу депутаттар!
Жаңы Келишим 12 жылга иштелип чыгып, 2026-жылы кыргыз тарап 17% сатып алуу укугуна ээ болот. 12 жыл ичинде Жаңы Келишим боюнча Кыргызстан 3 млрд. доллардын тегерегинде пайда алууну пландап жатат. Бул жалпы “Кумтордөн” түшкөн акча агымдарынын операциялык жана капиталдык чыгымдарын кошпогондо 65 пайызын түзөт. Операциялык чыгымдар 12 жыл ичинде 3 млрд. 41 млн доллардан ашат, ал эми капиталдык чыгымдар болсо 2 млрд. 31 млн доллардан ашат. Операциялык чыгымдар булар: кыргызстандыктардын айлык-акысы, тамак-ашка кеткен чыгымдар, электр энергиясына төлөмдөр жана башкалар. Лизинг. 2009-жылдан баштап Центерра 200 млн. долларга техника сатып алган. Бул кен казуу транспорту Центеррага таандык болуп ал коммерциялык шарттарда 10 жылдык мөөнөткө Биргелешкен ишкана үчүн льготалык негизде лизингге берилет. Бул биргелешкен ишкана үчүн пайдалуу. 10 жылдан кийин лизингге алынган транспорттун баары 1 долларга биргелешкен ишкананын жеке менчигине өтөт. Экология. Макулдашууга ылайык “Центерра” Биргелешкен ишкана өз ишмердүүлүгүн баштаганга чейинки экологиялык иштердин натыйжаларын өз жоопкерчилигине алат жана өзүнүнү эсебинен калыбына келтирет. “Центерра” эл аралык “АМЕС” экологиялык уюмунун рекомендацияларын толугу менен аткарат. Варранттар. Биргелешкен ишкана түзүлгөндүн тартып кыргыз тарап Центерранын варрантарды чыгарып берүү эсебинен кошумча финансылык пайда алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Кыргызалтынга 10 млн. варрант берилет. 6 млн. варрант 2 жылдык мөөнөттүн ичинде варрантты аткаруунун баасы боюнча 10 канадалык долларына, ал эми 4 млн. варрант 12 канадалык доллары баасы боюнча 3 жылдын ичинде колдонулушу мүмкүн. Социалдык пакет. Биргелешкен ишкана өзүнүн эркин акча агымдарынан 2% сумманы жыл сайын социалдык пакетке, инвестицияларга жумшоо милдеттенмесин өзүнө алат. Ал тургай каражаттардын эркин агымы жок болгон учурда да мындай сумма 26 млн. АКШ долларын түзөт. 2026-жылга чейин тоо кен иштеринин бекитилген планына ылайык 60 млн (алтындын баасы 1350$) доллары суммасындагы инвестиция жумшоо күтүлүүдө, ал эми алтынга дүйнөлүк баа өскөн учурда мындай сумма 100 млн. (алтындын баасы 1650$) долларын түзүшү мүмкүн. Кыргызалтындын кошумча укуктары. Буга чейинки финансылык пайдадан сырткары кыргыз тарабы Кумтөр долбоорун ишке ашыруу боюнча кошумча укуктарга ээ болот. Биринчиси, Кумтөр кенин пайдалануунун учурдагы мөөнөттүн аягында - 2026-жылы БИнин үлүшүнүн 17%ын сатып алууга укук. Мында бул милдеттенме эмес, укук болуп эсептелет, башкача айтканда кыргыз тарабы ал үлүштү сатып алуу же албоону өзү чечет. Экинчиси, өзүнүн пайдасы үчүн 1 АКШ долларына калдыктардан алтынды алуу укугу. Кенден алтынды чыгаруу пайызы болжол менен 70%ды түзөт, башкача айтканда калдыктарда 30%га жакын алтын калат. Бул укук алтын чыгаруу үчүн калдыктарды иштетүүгө Кыргызалтынга укук бере тургандыгын билдирет, калдыктардан чыгарылган алтын кыргыз тарабына таандык болот. Маалымат иретинде: Эсептөөлөр боюнча азыркы учурда калдык сактоочу жайларда 73,8 тоннага чейин алтын бар. 2026-жылга чейин бул көлөм 125 тоннага чейин көбөйүшү мүмкүн. Калдыктарды кайра иштетүүнүн натыйжасында алтын чыгаруунун болжол көлөмү 50-60 пайызды түзсө, калдык сактоочу жайлардан 63-75 тонна алтынды алууга болот. Үчүнчүсү, Кыргызалтындын жер астындагы ресурстарды иштетүү укугу. Эгерде кенде ачык ыкма менен казууну токтотууга чейин 24 ай мурун биргелешкен ишкана Кумтөр кенинин жер астындагы ресурстарын иштетүүнү жүргүзбөйбүз деп чечсе, анда Кыргыз Республикасы андай ресурстарды чалгындоого жана иштетүүгө укукту башка операторго берүүгө укуктуу. Бул, БИ кендин жер астындагы ресурстарын иштетүүдөн баш тарткан учурда, кыргыз тарабы бул үчүн башка операторду өзү тандап ала тургандыгын билдирет.Урматтуу депутаттар!
Келишимдерден бир жактуу түрдө чыгып кетүү маселеси да анын натыйжаларын жана тобокелчиликтерин эске алуу менен ар тараптан каралып чыкты. Мыйзам күчүнө ээ болуп эсептелген 2009-жылдагы келишимде андан бир жактуу чыгуу каралган эмес. Башкача айтканда, кыргыз тараптын келишимден бир жактуу чыгып кетиши «Центерра» тараптын, а балким, көп сандагы акционерлердин да доо арыз менен сотко кайрылышына алып келет. Соттук териштирүүлөр ар кайсы өлкөлөрдө өтүшү мүмкүн. Эл аралык арбитраж бүткөнчө талашка түшкөн обьект, б.а. Кумтөр кени жана башка активдер арестке (камоого) алынышы толук мүмкүн. Андай болсо, биз кен казуу иштерин өз алдыбызча улантуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайбыз. Өндүрүштүн узакка токтоп калышы ири социалдык масштабдагы, технологиялык жана экологиялык кесепеттерге алып келет. Соттук териштирүүлөр кыргыз тараптын пайдасына чечилиши мүмкүнбү? Менимче, бүгүн бул залда олтургандардын эч кимиси буга толук кепил боло албаса керек.Бирок биз алдыда кандай тобокелчиликтер күтүп турганын жакшы билебиз. Бул: - кендин активдеринин арестке алынышы жана өндүрүштүн аргасыз токтоп калуусу; - бюджетке каражаттардын түшпөй калуусу жана кенде, андагы подряддык уюмдарда иштеген кызматкерлердин жумушсуз калуусу; - «Центерранын» акционерлеринин ондогон, а балким, жүздөгөн доо арыздары; - чет өлкөлөрдөгү Кыргызстанга тийешелүү мүлктөрдүн арестке алынышы; - доо арыздар боюнча юридикалык кызматтарга төлөнүүчү эбегейсиз көп чыгымдар; - бүгүн республикадагы инвестициялык климат начар, анын мындан да кескин начарлашына жана келген инвестициялардын артка кетүүсүнө башкы себеп болот.
Урматтуу депутаттар!
Экономиканын стабилдүү өнүгүүсү, инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн Келишимди колдоп берүүнү суранам. Рахмат.