Мыйзамдар

Кайрат Иманалиев КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды

15 Үчтун айы, 2019

Иманалиев Кайрат Олжобаевич Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигиндеги жаңы орун басар маданият тармагын тейлейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Жеңишбек Ногойбаев КР транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

18 Бештин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөсү белгиленген тартипте дайындалганга чейин Ногойбаев Жеңишбек Ашимкулович Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов отставкага кетти

15 Бештин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматынан кетүү боюнча арызын жазды. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун отставкасын кабыл алуу тууралуу сунуштаманы киргизди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Максат Дамир уулу Туризм департаментинин директору болуп дайындалды

20 Жетинин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Дамир уулу Максат Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору – министрдин орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин жаңы орун басарлары дайындалды

6 Жетинин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Солтонбекова Ализа Карыпбековна, Токтосартов Камалдин Акунович, Алыбаева Жаңыл Ишенбековна Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу Бактыбек Секимовго жүктөлдү

17 Тогуздун айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Секимов Бактыбек Шайыкбаевичке жүктөлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруу ведомствонун статс-катчысы Каныбек Абдиевге жүктөлдү

17 Тогуздун айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Абдиев Каныбек Маматбековичке жүктөлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Канатбек Абдыкеримов «Кыргыз темир жолу» Мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды

1 Тогуздун айы, 2018

Абдыкеримов Канатбек Абдыжапарович Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» Мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды.   Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү  

«Кыргыз темир жолу» Мамлекеттик ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаев ээлеген кызматынан бошотулду

1 Тогуздун айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» Мамлекеттик ишканасынын башкы директору Ногойбаев Алмазбек Бердибекович ээлеген кызматынан бошотулду.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү  

Болот Джунусов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды

22 Аяк оона, 2018

Джунусов Болот Төлөгөнович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

1 2 3 57
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР