ОКМОТПРЕСС на 16.06.2011г. Ушел из жизни Народный писатель Тологон Касымбеков

16 Кулжа, 2011

Ушел из жизни Герой Кыргызской Республики, Народный писатель Кыргызской  Республики, лауреат государственной премии имени Токтогула Тологон Касымбеков

 

В связи с кончиной Народного писателя Кыргызской Республики Тологона Касымбекова руководство страны выразило глубокое соболезнование его родным и близким.
 
Ниже приводим текст некролога: 

 

Тологон Касымбеков

Народ Кыргызстана и его творческая интеллигенция понесли тяжелую утрату. 16 июня 2011 года после продолжительной болезни в возрасте 80-лет ушел из жизни Герой Кыргызской Республики, Народный писатель Кыргызской  Республики, лауреат государственной премии имени Токтогула Тологон Касымбеков.

Тологон Касымбеков родился  в 1931 году 15 января в селе Ак-Жол Ак-Сыйского района Джалал-Абадской области. Окончив среднюю школу, два года работал преподавателем начальных классов и ответственным секретарем в айыльном совете села Ак-жол.

В 1952 году его произведение  “Маленький табунщик” было опубликовано в журнале “Советский Кыргызстан”. Повесть Тологона Касымбекова  “Хочу быть человеком” издана в 1965 году издательством “Советский писатель” на русском языке.

Самым значительным в творчестве Тологона Касымбекова многие кыргызстанцы называют исторический роман “Сломанный меч”, который увидел свет в 1971 году. Впоследствии произведение было переведено на многие языки народов мира. В 1980 году издательство “Прогресс” выпустил этот роман на английском языке. 

Тологон Касымбеков активно участвовал в общественной жизни своей страны. Так, с 1990-го по 1994 год он  был народным депутатом Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, являлся руководителем международной комиссии по языку, культуре и образованию, а также председателем Союза писателей Кыргызстана.

Тологон Касымбеков по праву считается одним выдающихся писателей Кыргызстана, внесших неоценимый вклад в духовное развитие народа. За заслуги перед отечеством в 2007 году ему присвоено высокое звание «Герой Кыргызской Республики». Он награжден орденом “Манас” I степени, медалью “Данк”. За заслуги в области литературы в 1970 году Төлөгөн Касымбеков был награжден памятной медалью. Его труд отмечен Почетной грамотой Верховного Совета Кыргызской ССР. В 1959 году Т.Касымбеков был принят в члены Союза писателей СССР, а в 1986 году присвоено почетное звание “Народный писатель Кыргызской ССР”.

Светлая память о Тологоне Касымбекове навсегда сохранится в сердцах соотечественников, поклонников его творческого наследия.

Отунбаева Р.И., Келдибеков А.К., Атамбаев А.Ш., Бабанов О.Т., Жунусов И.К., Атаханов Ш.Е., Каптагаев Э.С., Шакиев Н.Т., Омуркулов И.Ш., Садыков К.Ж., Кудайбердиев А.А., Асанов Б.А., Азыранкулов А.Дж., Калматов А., Болот Шер., Жусуев С.,  Кондучалова К.К., Садыков Т., Эралиев С., Жакиев Б., Абылкасымова М., Токтосартов А., Тургуналиев Т.Т., Жумалиев К.М., Токтоматов Н., Нусупова Ж.Н., Баялинов М.К., Раев С.А., Оторбаев К.Т., Кулуев К.К., Султанов О., Даникеев Ө., Шаповалов В., Орунбеков Б., Осмонов М.

Прощальная панихида с выдающимся писателем состоится 18 июня 2011 года с 10.00 часов в Кыргызском национальном театре оперы и балета имени А.Малдыбаева. Похороны состоятся в селе Кой-Таш Аламудунского района Чуйской области.

 

 

Төлөгөн Касымбеков

Кыргызстан  журтчулугу, кыргыз интеллигенциясы орду толгус оор жоготууга учурады. Үстүбүздөгү жылдын 16-июнунда узакка созулган оорудан кийин Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Төлөгөн Касымбеков 80 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Төлөгөн Касымбеков Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто мектепти бүтүп, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи Ак-Жол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы болуп иштеген.
Жазуучунун «Кичинекей жылкычы» деген чыгармасы 1952-жылы «Советтик Кыргызстан» журналына жарыяланып, ошондон тартып чыгармачылыкка баш-оту менен  киришкен.
«Адам болгум келет» аттуу повести 1965-жылы «Советский писатель» басмасынан орус тилинде жарык көргөн.
Окурмандардын, адабият таануучулардын айтымында белгилүү жазуучунун чыгармачылыгында «Сынган кылыч» тарыхый романы өзгөчө  орун ээлейт.  Атактуу чыгарма дүйнө элде
ринин көптөгөн тилдерине которулуп, жүз миңдеген нуска менен басылган. 1980-жылы «Прогресс» басмасы айтылуу романды англис тилинде жарыялаган.
Кийинки жылдары калемгердин  колунан  „Кел-кел“,  „Баскын“ жана „Кыргын“ сыяктуу тарыхый романдары  жаралган.
Көркөм сөз чебери  өлкөбүздүн коомдук турмушуна дагы  активдүү аралашкан. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган, Тил, маданият жана билим боюнча улуттар аралык парламенттик комиссиясын жетектеген, Эркин Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасынын милдетин өтөгөн. 
Төлөгөн Касымбеков кыргыз адабиятынын чыгаан жазуучуларынын бири. Элдин руханий байлыгын арттыруудагы зор эмгеги эске алынып, 2007-жылы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Биринчи даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган. «Даңк» медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Төлөгөн Касымбеков 1959-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган, ал эми 1986-жылы «Кыргыз ССРнин  эл жазуучусу» деген жогорку наам ыйгарылган.
Чыгаан жазуучу Төлөгөн Касымбековдун жаркын элеси  кыргыз элинин эсинде  түбөлүккө сакталат.
 
Отунбаева Р.И., Келдибеков А.К., Атамбаев А.Ш., Бабанов О.Т., Жунусов И.К., Атаханов Ш.Е., Каптагаев Э.С., Шакиев Н.Т., Омуркулов И.Ш., Садыков К.Ж., Кудайбердиев А.А., Асанов Б.А., Азыранкулов А.Дж., Калматов А., Болот Шер., Жусуев С.,  Кондучалова К.К., Садыков Т., Эралиев С., Жакиев Б., Абылкасымова М., Токтосартов А., Тургуналиев Т.Т., Жумалиев К.М., Токтоматов Н., Нусупова Ж.Н., Баялинов М.К., Раев С.А., Оторбаев К.Т., Кулуев К.К., Султанов О., Даникеев Ө., Шаповалов В., Орунбеков Б., Осмонов М.

Белгилүү  жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2011-жылдын 18-июнунда саат 10.00дө Кыргыз улуттук А.Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында өтөт. Маркумдун сөөгү Аламүдүн районундагы  Кой-Таш айылынын көрүстөнүнө коюлат.