Кабинетинин Төрагасы милдеттери

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) ишин жалпы жетектейт жана контролдойт, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана орун басарларынын, Министрлер Кабинетине баш ийген мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы):

- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Министрлер Кабинетинин иши боюнча жоопкерчилик тартат;

- Министрлер Кабинетинин ишинин негизги багыттарын аныктайт;

- мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укуктук тартипти чыңдоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат.

Төмөнкү маселелерди координациялайт:

- мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын ишке ашыруу;

- мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү;

- баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү, аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү жаатындагы бирдиктүү саясатты ишке ашыруу;

- региондук экстремизмге каршы аракеттенүү, жарандардын ден соолугуна, адеп-ахлагына, укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян же коркунуч келтирген диний уюмдардын иштерине бөгөт коюу;

- кызматтык кылмыштарды жана экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу, бетин ачуу жана териштирүү боюнча укук коргоо органдарынын ишин;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын коргоо, кайтаруу жана сактоо, чек аралык контролдоо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара режимин бузууларды алдын алуу жана бөгөт коюу;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо, Кыргыз Республикасынын чек ара маселелери боюнча мамлекеттик саясатын жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча ишти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо чөйрөсүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин координациялоо;

- юстиция жапа жазаларды аткаруу системасы;

- Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген соттук-укуктук реформа;

- мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын өркүндөтүү.

Мамлекеттик бюджетти түзүү жана аткаруу, бюджеттик саясатты ишке ашыруу маселелерин жалпы координациялайт.

Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта Министрлер Кабинетинин атынан чыгат, мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коёт.

Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, энчилүү курал жана Министрлер Кабинетинин башка сыйлыктары менен сыйлайт, адамдарды мамлекеттик сыйлык менен сыйлоого, жогорку аскердик наамдарды, Кыргыз Республикасынын ардактуу жана башка атайын наамдарын ыйгарууга көрсөтөт, класстык чендерди ыйгарат.

Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), Шанхай кызматташтык уюму, эл аралык финансы-кредиттик мекемелер менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

Мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын компетенциясына кирген кадр маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш берүүгө укуктуу.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт.

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишин жалпы жетектейт жана контролдойт.

Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин;

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун.