КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 305 токтому

“Улуттук башкаруучу компания” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө

Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 140-беренесине, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык капиталына мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен “Улуттук башкаруучу компания” ачык акционердик коому түзүлсүн.

2. “Улуттук башкаруучу компания” ачык акционердик коомунун уставдык капиталы бир акциясы 100 (бир жүз) сом номиналдык наркы менен 100 000 (жүз миң) жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн 10 000 000 (он миллион) сом өлчөмүндө аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд бир жумалык мөөнөттө:

1) “Улуттук башкаруучу компания” ачык акционердик коомунун уюштуруучусу катары чыксын;

2)  “Улуттук башкаруучу компания” ачык акционердик коомун Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жүргүзсүн;

3) “Улуттук башкаруучу компания” ачык акционердик коомунун акцияларын белгиленген тартипте жайгаштырсын;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен биргеликте “Улуттук башкаруучу компания” ачык акционердик коомун коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында жайгаштыруу маселесин иштеп чыксын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) бир жумалык мөөнөттө “Улуттук башкаруучу компания” ачык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго 10 000 000 (он миллион) сом өлчөмүндөгү акча каражатын издеп тапсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетинин макулдугу менен бөлүп берсин;

2) “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун даярдоодо тийиштүү өзгөртүүлөрдү карасын.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу