Жалал-Абад облусунун географиялык абалы
Жалал-Абад облусу республиканын түштүк батышында жайгашкан, түштүк жана түштүк-батышынан Өзбекстан Республикасы менен, Түндүгүнөн – Талас облусу менен, Чыгышынан – Нарын облусу, түштүк - чыгышынан – Ош облусу менен чектешет.
Облустун жалпы аянты 33,7 миң кв.км, же Кыргыз Республикасынын аймагынын 17% ын түзөт. Облустук борбор-Жалал-Абад шаары.
Администрациялык-аймактык түзүлүш
Жалал-Абад облусунун курамына 8 район, 8 шаар (облустук маанидеги 5 Шаар – Жалал-Абад, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, райондук маанидеги 3 шаар – Кербен, Кочкор-Ата, Токтогул шаарлары), 4 шаар тибиндеги поселок жана 68 айылдык аймак кирет.
Аксы району – Кербен шаары (райондун борбору)
Ала-Бука району –Ала-Бука айылы (райондун борбору)
Базар-Коргон району – Базар-Коргон айылы (райондун борбору)
Ноокен району – Массы айылы (райондун борбору)
Сузак району – Сузак айылы (райондун борбору)
Тогуз-Торо району – Казарман айылы (райондун борбору)
Токтогул району – Токтогул шаары (райондун борбору)
Чаткал району – Каныш-Кыя айылы (райондун борбору)
Жалал-Абад ш.
Кара-Көл ш.
Майлуу-Сай ш.
Таш-Көмүр ш.