22
Март
Бүткүл дүйнөлүк банк Жалал-Абаддын айыл чарбасын өнүктүрүүгө 30 млн доллар бөлөт
Бүгүн, 22-мартта Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугушту.
Бул жылы Жалал-Абад облусуна Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан 30 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү каражат бөлүнөт. Ал аймактагы айыл чарбасын жана фермердик багытты өнүктүрүүгө жумшалмакчы. Азыркы учурда долбоорду бюджеттик пландоо жумуштары жүрүп жатат. Каражат басымдуу төрт багытка бөлүнүп, сүт өндүрүү, асыл тукум мал чарбачылыгы, багбанчылык жана үрөн чарбаларды колдоого жумшалмакчы.
Ыйгарым укуктуу өкүл буга чейин да Жалал-Абад облусунда Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен ийгиликтүү долбоорлор ишке ашырылганын айтты. Облус башчысы бөлүнүүчү каражатты натыйжалуу пайдалануу, дыйкан жана мал чарбачылыгында сапатты жогорулатууга кызыкдар экенин белгилеп, калк арасында түшүндүрүү иштери колго алынаарын кошумчалады.