АБЫЛГАЗИЕВ Мухаммедкалый Дүйшекеевич
1968-жылдын 20-январында Нарын областынын Кочкор районундагы Дөң-Алыш
айылында туулган.
1994-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1997-жылы Кыргызстан эл
аралык университетин аяктаган.
Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Эмгек ишмердеги:
1994-1995-жж. – «Кыргызстан» финансылык-агроөнөр жай компаниясынын
директорунун орун басары;
1995-1997-жж. – «Ажар» ЖЧКнын аткаруучу директору;
1997-1998 –жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чакан
жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонддун эксперти;
1998-1999 –жж.- Биринчи май райондук калкты ишке жайгаштыруу
башкармалыгынын начальниги;
1999-2003-жж. – Бишкек шаардык калкты ишке жайгаштыруу департаментинин директору;
2003-2009-жж. – Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун начальниги,
Аппарат жетекчиси, Башкармалыгынын мүчөсү;
2009-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун
басары;
2010-2016 жж.- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
2016-2017 жж.- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри;
08.2017-09.2017-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;
2017-жылдын 12-сентябрынан – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат
Жетекчисинин биринчи орун басары.
2018-жылдын 16-мартынан – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат
Жетекчиси.
20.04.2018 тартып Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.