1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин (мындан ары - Министрлер Кабинети) жалпы жетектейт, анын ишин уюштурат, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана орун басарларынын, министрлердин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин ишин координациялайт жана контролдойт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы):
1) Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) тарабынан аныкталуучу мамлекеттин тышкы жана ички саясатынын негизги багыттарынын алкагында Министрлер Кабинетинин ишинин багыттарын аныктайт, алардын ишке ашырылышын координациялайт;
2) Конституциянын, мыйзамдардын жана Президенттин актыларынын жана тапшырмаларынын аткаруу бийлигинин бардык органдары тарабынан аткарылышын камсыз кылат;
3) Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары Министрлер Кабинетинин атынан чыгат, мыйзамдарда белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана өкмөттөр аралык жана башка эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коёт;
4) Президентке Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички саясатынын негизги багыттары, Министрлер Кабинетинин түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизет;
5) төмөнкү маселелерди координациялайт:
- мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу;
- Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген сот-укуктук реформа;
- мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- улуттук коопсуздукту, коргонууну жана укуктук тартипти камсыз кылуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана конституциялык түзүлүшүн коргоо, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, коомдук тартипти камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, экстремизмге жана баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана коргоо, жазаларды аткаруу системасынын иштеши, пробация жана соттук-эксперттик иш, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо, ошондой эле мамлекеттик жана мобилизациялык резервдерди башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо, чек ара маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча ишти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин координациялоо;
6) төмөнкүлөрдү координациялайт:
- аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарынын, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Министрлер Кабинетинин карамагындагы мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана алардын бирикмелеринин ишин;
- мамлекеттик стратегияларды жана программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ишти, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин;
7) өзүнүн компетенциясынын чегинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Министрлер Кабинетине түздөн-түз баш ийген мамлекеттик ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге аткаруу үчүн милдеттүү болгон тапшырмаларды жана көрсөтмөлөрдү берет;
8) мамлекеттик бюджетти иштеп чыгуу жана аткаруу, бюджеттик саясатты ишке ашыруу маселелерин жалпы координациялайт;
9) жыйналыштарда Президент төрагалык кылган учурлардан тышкары, Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында төрагалык кылат;
10) Министрлер Кабинетинин токтомдоруна, тескемелерине, Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдоруна кол коёт, анын компетенциясына кирген маселелер боюнча тескемелерди чыгарат;
11) мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) кароосуна киргизет, Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралууга тийиш болгон кечиктирилгис мыйзам долбоорлорунун тизмесин аныктайт;
12) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын компетенциясына кирген кадр маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат, белгиленген тартипте Президенттин кароосуна коргоо, коомдук тартип жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин жана Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кызмат орундарына талапкерлерди киргизет;
13) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына ыйгарым укуктарды берет;
14) Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жана Министрлер Кабинетинин башка сыйлыктары менен сыйлайт, адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, жогорку аскердик наамдарды, Кыргыз Республикасынын ардактуу жана башка атайын наамдарын ыйгарууга көрсөтөт;
15) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин ыйгарым укуктарын ишке ашырат, бул ыйгарым укуктардын бир бөлүгүн өткөрүп берүүгө укуктуу;
16) мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет;
17) Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңеш, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
18) Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.