Нарын облусунун географиялык абалы
Нарын облусу өлкөнүн борбордук бөлүгүндө Ички Тянь-Шандын капталдарында жайгашкан. Нарын облусу эң бийик тоолуу өлкө болуп саналат жана чыгышынан Ысык-Көл облусу, түндүгүнөн – Чүй облусу, батышынан – Жалал-Абад жана Ош облустары, ал эми түштүгүнөн – Кытай Эл Республикасы менен чектешет.
Облустун жалпы аянты 45,2 миң кв.км же Кыргыз Республикасынын аймагынын 23% ын түзөт. Облустук борбор-Нарын шаары.
Администрациялык-аймактык түзүлүш
Нарын облусунун курамына 5 район, бир облустук маанидеги шаар – Нарын шаары жана 63 айылдык аймак кирет.
Ак-Талаа району – Баетов айылы (райондун борбору)
Ат-Башы району – Ат-Башы айылы (райондун борбору)
Жумгал району – Чаек айылы (райондун борбору)
Кочкор району – Кочкор айылы (райондун борбору)
Нарын району – Нарын шаары (райондун борбору)