03
Май
2023
Теңир Тоодо улуу "Манас" баяны жаңырды
Бүгүн Нарын шаарынын борбордук аянтында Нарын районунун 1200 жаш манасчысынын айтуусунда улуу “Манас” баяны жаңырды.
“Манас” айтуу менен Нарын районунун орто мектептеринин окуучулары КР Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө концепциясынын жана “Улуттук нарк” жөнүндө Жарлыгынын алкагында республикабыздын бардык аймактарында өткөрүлүп жаткан “Урааным Манас” кароо-сынагына жигердүү катышып беришти.
Иш чарага облус, район жетекчилиги катышып, жаш манасчыларга ийгилик каалашты.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров манасчылык өнөрдүн улуулугуна, дүйнөдө бир гана кыргыз элинде кездешкен манасчылыктын касиетине токтолуп, манасчыларга таазим кылаарын билдирди.
Улуттук кийимчен бөбөктөрдүн хор менен “Манас!” деп ураан чакырып, манас айтуусу борбордук аянтты шаңга бөлөп, патриоттук дем берип турду.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.