2016-2020-жж. Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү Талас облусунун акыркы беш жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү экономикабыздын туруктуу өсүшүнө шарт түзүүгө жана жакырчылыкты азайтып калктын турмуш шартын жогорулатууга багытталган. |
2020-жылдын аягына карата эсептик маалыматтар боюнча Талас облусунун болгон калкынын саны 263,8 миң адамды, ал эми туруктуу калк 271,0 миң адамды түздү. Алардын ичинен 85,1 пайызы айыл жергесинде жашагандар, ал эми 14,9 пайызы шаар жергесинде жашагандар. 2016-2020-жж. туруктуу калктын саны 19,7 миң адамга же 7,8 пайызга көбөйгөн. |
2020 - жылы өнөр жай ишканалары тарабынан (анын ичинде чакан, көмөкчү ишканалар жана өнөр жай менен алектенген жеке ишкерлер) 1899, 9 млн. сомго продукция өндүрүлгөн, физикалык көлөмдүн индексинин деңгээли 2019 – жылга салыштырмалуу 104,8 пайызды түздү. |
Айыл чарбасынын, токой чарбасынын жана балык уулоочулуктун ички дүң продукцияларынын көлөмү 2020-жылы жалпысынан облус боюнча 22201,4 млн. сомду түзгөн, бул 2019-жылга салыштырмалуу 99,7 пайызды түздү. |
2020-жылы автоунаа менен ташылган жүк 983,7 миң тоннаны түзүп, 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 4,7 пайызга азайган. |
2020-жылы 2019-жылга салыштырмалуу дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы көлөмү 154898,9 млн. сомду түзүп 6,0 пайызга көбөйдү. |
2020-ж. рыноктук тейлөөлөрдүн көрсөтүлгөн кызматын көлөмү 2185,3 млн.сомду түзүп жана өткөн жылга салыштырмалуу 4,9 пайызга азайган. |
2020-жылы Талас облусу боюнча ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердеги кызматкерлердин орточо айлык акысы 16156 сомду түзүп, 2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,2 эсеге көбөйгөн, ал эми 2016-жылга салыштырмалуу 1,5 эсе өскөн. Керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу эмгек акынын өлчөмү 15,2 пайызга көбөйдү. |
Инфляция денгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси, жалпысынан Талас облусу боюнча 2020 -жылдын өткөн жылдын бештин айына салыштырмалуу 111,8 пайызды, түздү. |
2020–жылы облустун экономикасынын финансылык эмес активдеринин инвестициясына 8046,7 млн. сом салым кошулган. |
2016–жылдан баштап облустагы объекттердин курулушуна жана реконструкциясына жана курулуш иштеринин өсүшүнө инвестициялык иштер жигердүү түрткү берип келет. Бирок 2020-жылы бир аз төмөндөдү. 2020–жылы экономиканын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүүсүнө 4642,6 млн. сом капиталдык салым сарпталган. |
2020-жылы облустун экономиканын реалдуу секторунан продукцияларды, товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдөн түшкөн акча (дүң киреше) 2016-жылга салыштырмалуу 10,3 эсеге көбөйүп, 8 934,4 млн. сомду түздү. |
2016-2020-жылдары облустун жергиликтүү бюджеттин бардык кирешелери 420,4 млн. сомдон 629,8 млн. сомго чейин өскөн (финансылык эмес активдерди сатуудан түшкөн киреше кошкондо), же 1,5 эсеге көбөйгөн (209,4 млн. сомго өскөн). |
Талас облусунун соода уюмдарынын ишканаларынын, дыйкан чарбаларынын, жеке адамдардын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен тышкы соода жүгүртүүсү жүк таможнясынын декларациясынын маалыматтары боюнча өз ара соода жүгүртүүсү 2020 - жылы 109,0 млн. АКШ долларын түздү.
|