10
Сентябрь
2023
Талас облусунун мусулмандар казыятынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү
Бүгүн 10-сентябрда Талас облусунун мусулмандар казыятынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш чарага Кыргызстан мусулмандарынын азирети Муфтий Замир кары Ракиев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Нурлан Дарданов катышты.
Облус башчысы сөзүндө: “Сиздерди Талас облусунун мусулмандар казыятынын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы аземи менен ак дилимден куттуктайм!
Имаратыбыз баарыбызга ак жолтой болуп жалпы элибизге кызмат кыла беришине тилектешмин ” деди.
Ошондой эле Нурлан Дарданов, Жалпы облус боюнча 192 мечит бар болсо, анын ичинен 172 мечит өрт коопсуздугунун, 107 мечит санитардык талаптарга жооп бербейт экендиги жана 29 мечит дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өтө элек экенин айтты.
Ыйгарым укуктуу өкүл Талас облустук казиятынын кызматкерлери жаңы имаратта жаңы дем менен иш жүргүзүп жогоруда аталган маселелерди чечүүнүн колго алат деген терең ишенимде экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Талас облусунун мусулмандар казыятынын жаңы имаратына жери тилкесин жеке ишкер Марс Садыров акысыз берген. Ал эми имараттын курулушуна жеке ишкер Ринат Солтонов демөөрчүлүк кылган.