Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшү
Облустун социалдык-экономикалык өнүгүшү акыркы жылдары экономиканын бардык тармактарында жакшы жылыштар менен мүнөздөлөт
Товарлардын наркын жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү мүнѳздѳѳчү ички дүң продукт, ѳлкѳдѳ өндүрүлгөн жана акыркы керектѳѳгѳ арналган товарларды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү топтоо жана экспорту (импортту эсептен алып салуу менен) 2019-жылы Ысык-Көл облусу боюнча 84378,0 млн. сомду түздү, бул орточо калктын жан башына 168106,1 сомду түздү, ал эми анын үлүшү ИДПнын жалпы көлөмүндө өлкө боюнча 13,6 пайызды түзгөн.
Региондук дүң продукттунун номиналдык кѳлѳмү 2019-ж 2018-жылга салыштырганда негизинен иштетүү ѳндүрүшүү, айыл чарба, курулуш, жана соода иштин дүң кошумча наркынын эсебинен 17145,2 млн. сомго кѳбѳйдү.
2019-жылы ИРПда өнөр жайдын үлүшү 66,4 пайызды түзгөн, анын ичинен 65,5 пайыз иштетүү өнөр жайынын үлүшүнө туура келет.
Айыл чарба, аңчылык жана токой чарбасынын үлүшү 2019-жылы РДПнын 9,4 пайызын түздү, курулуштун үлүшү 7,3 пайызды түздү, транспорт жана жүктөрдү сактоо чөйрөсүндөгү аткаруу 1,4 пайызды , ал эми турушуна жараша 2018-ж. 7,3 жана 1,4 пайызды түзгѳн.
Чарбакер субъекттердин саны жыл сайын өсүүдө. 2019-жылдан берки мезгилдин ичинде катталган юридикалык жактардын саны 2,3 пайызга же 169 бирдикке өстү. Мамлекеттик жана жеке секторлорунун экономикасынын катышы өзгөрдү. 2019-жылдан 2020- жылга чейин экономикада мамлекеттик сектордун үлүшү 16,8 тен 16,4 пайызга тѳмѳндѳдү, ал эми жеке сектордун үлүшү 82,2 тен 83,6 пайызга кѳбѳйдү.
2020-жылы экономикада иштегендердин орточо жылдык саны 2019-жылга салыштырмалуу 1,5 миң адамга азайып, 163,7 миң адамды түздү.
Ысык-Көл облусунда бир кызматкердин номиналдык орточо айлык акысы 2020-жылы 26859,8 сомду түздү жана 2019-жылга салыштырмалуу 20,9 пайызга жогорулады.
Номиналдык эмгек акынын кыйла жогорулашы Административдик жана кѳмѳкчү ишмердикте 54,1 пайыз, тоо-кен тармагында 38,6 пайыз байкалган.
2020-жылы товарлардын тышкы соода жүгүртүүсү учурдагы баалар боюнча 252,7 млн. АКШ долларын түздү, бул 2019-жылга караганда 7,6 млн. долларга аз, анын ичинен КМШ ѳлкѳлѳрү боюнча 12,1 млн. долларга азайып 99,4 млн. долларды түзсѳ, КМШ ѳлкѳлѳрүнѳн тышкары тышкы соода жүгүртүүсү 4,2 млн. долларга кѳбѳйдү 153,3 млн. долларды түздү.