25

Июнь

2022

Барскоон-Каракол унаа жолун реконструкциялоо боюнча коомдук угуу өттү

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында Барскоон – Каракол унаа жолун 141,6 - 220 чакырым аралыгын реконструкциялоо боюнча коомдук угуу болду. 


Ага Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Кыргызжолтрансдолбоор” Долбоорлоо-изилдөө институту мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Уланбек Султанов, долбоордун башкы инженери Сагынбек уулу Фархат, райондордун акимдери жана жол курууга тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышты. 


Барскоон – Каракол жолунун узундугу 75 чакырымды түзөт. Долбоорго ылайык, 4 тилкелүү жол салынат, тилкелердин ортосу бөлүнөт. Калктуу конуштарга тротуар салынып, жарыктандырылат. Ошондой эле көпүрөлөр, светофорлор дагы каралган. 


Коомдук угуунун жыйынтыгы менен жергиликтүү бийликтен түшкөн сунуштар каралып, долбоорлоо алкагында иштелип чыгары айтылды.