14

Июнь

2022

Ысык-Көлдө аквапарктар жана бассейндер текшерилди

Ысык-Көл районунун аймагында жалпысынан 25 бассейн жана 2 аквапарк жайгашкан. Жайкы  туристтик   мезгилге карата Ысык-Көл РИИБинин   балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору алардын коопсуздугун текшеришти. 

Ошондой эле куткаруучулардын иш алып баруусу боюнча дагы тийиштүү маалыматтар алынып, кемчиликтерди жоюу боюнча актылар түзүлдү. 

Милиция кызматкерлеринин айтымында, аквапарктарда жана бассейндерде балдар үчүн атайын аянтчалар тиешелүү талаптарга ылайык болууга тийиш.

 Ата-энелерди сак болуп, балдарга өзгөчө көңүл бурууга чакырабыз.