10
Июнь
2022
Пляждарга тоскоолдуксуз кирүү маселеси талкууланды
Бүгүн, 10-июнда Чолпон-Ата шаарында Президенттин “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу чоң жыйын болуп өттү. Ага Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев төрагалык кылды. Жыйынга райондордун акимдери, шаар мэрлери, айыл өкмөттөр жана пансионаттардын жетекчилери катышты.
Жыйында Жарлыктын аткарылышы талкууланып, тиешелүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле туристтик сезонго даярдык, эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, жол кырсыктарын алдын алуу, тейлөө кызматын жакшыртуу маселелери да талкууланды.