18
Апрель
АСТАНАДА ЫСЫК-КӨЛДҮН АЙМАГЫНДА ЭНЕРГИЯНЫН КАЙРА ЖАРАЛУУЧУ БУЛАКТАРЫН КУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
Казакстан Республикасынын Астана шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, «ТехноГруппСервис» компаниясынын техникалык директору Канат Абенов менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ысык-Көл облусунда жалпы кубаттуулугу 50 мегаваттык энергиянын кайра жаралуучу булактарын курууга байланышкан негизги маселелер көтөрүлдү. Бул маселелерди талкуулоо энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана аймактын экологиялык коопсуздугуна оң таасирин тийгизет.
Бул стратегиялык өнөктөштүк заманбап жана жашыл энергия булактарын өнүктүрүү үчүн жана көмүртектин изин азайтууга жана энергетика секторунун туруктуулугун камсыздоо багытында жаңы перспективаларды ачат.
Эки тарап тең аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын түзүү жана өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.