20
Июль
2022
Ысык-Көл облусунун башчысы А. Сулаймановдун демилгеси менен Каракол шаарында 2000 орундуу маданий борбор курулат
Ысык-Көл облусунун башчысы Алтынбек Сулаймановдун демилгеси менен Каракол шаарында 2000 орундуу маданий борбор курулат.
Бүгүн, 20-июлда борбордун долбоорун иштеп чыгуу боюнча жарыяланган сынакка келип түшкөн эскиздер талкууланды.
Маданий борбор Каракол шаарындагы Карасаев көчөсүнө курулуп, 4 гектар аянтты ээлейт.
Бул жер бир гана концерттик же спорттук иш-чараларды өткөрүүчү зал болбойт, ичинде конференц-залдар, китепкана, кофейня, балдар аянтчасы ж.б жайлар жайгашып, жылдын төрт мезгилинде конокторду кабыл алууга ылайыкталып салынат.