07

Июль

2022

КАРАКОЛ ШААРЫНДА ЖАҢЫ МАЛ БАЗАР ИШКЕ КИРДИ

Бүгүнтөн, 7-июлдан тарта Каракол шаарында жаңы мал базар ишке кирди. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов облус тургундары менен бирге базардын иши менен таанышып чыкты. 


Мал базарда бодо малдар үчүн жана майда жандыктар үчүн атайын үстү тосулган жайлар даярдалган. Мындан сырткары, базардын аймагында ветеринардык клиника, ветеринардык дарыкана дагы иштейт.   


Аянты 6 гектар жерди ээлеген мал базар алгачкы айларда элге акысыз кызмат көрсөтмөкчү.


Эскерте кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-мартта жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мал базарлардын шартын жакшыртуу тапшырмасын берген болчу.