08

Июль

2022

ЖРТНын ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА ЫСЫК-КӨЛ 1-ОРУНДА. А.СУЛАЙМАНОВ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ ПЛАНШЕТ БЕЛЕК КЫЛДЫ

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча облустар арасында Ысык-Көл облусу 1-орунду ээледи. Бүгүн, 8-июлда алтын сертификатка ээ болгон 5 бүтүрүүчүгө Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов сыйлыктарды тапшырды. 


Облус жетекчиси А.Сулайманов бүтүрүүчүлөргө планшеттерди жана чыгаан мамлекеттик ишмер Ж.Абдрахманов тууралуу тарыхый-даректүү баян китебин тапшырып, келечек ээлерине ийгиликтерди каалады. 


ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр: 


-Азамат Саламатов, 225 балл – Каракол шаарындагы К.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин бүтүрүүчүсү;
-Алимбек Токтогазиев, 224 балл – Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү;
-Актилек Шекенов, 223 балл – Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Кут билим окуу-тарбия борборунун бүтүрүүчүсү;
-Төлөнбек Абдыбеков, 222 балл – Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Кут билим окуу-тарбия борборунун бүтүрүүчүсү;
-Жоомартмырза Маратов, 221 балл – Каракол шаарындагы К.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин бүтүрүүчүсү.