02
Июнь
2022
Каракол-Эңилчек унаа жолу ачылды, облус башчысы А.Сулайманов жеринде иш алып барууда
Ак-Суу районунун Каракол-Эңилчек автоунаа жолу ачылды. Кечээ, 1-июнда Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүнүн башчысы Т.Асакеев менен биргеликте 20:00дө Чоң-Ашуу ашуусуна жөнөп кетишкен.
Жеринде 15 техника иш алып барып, учурда Чоң-Ашуу ашуусу ачылып, тазалоо иштери улантылууда. Тоют жеткирип барган автоунаалар жерине барып, кайра кайтып келүүдө. Жолдо калып калган автоунаалар жок. Сырт өрөөнүндө табигый кырсыктан өлгөн малдын саны жана чыгымы такталууда. Кар кѳчкү түшүү коркунучу сакталууда.