26
Август
2023
Нурлан Дардановдун тапшырмасы менен Чоң-Капка өткөрмө түйүнүндө мониторинг иштери жүргүзүлдү
Бүгүн 26-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дардановдун тапшырмасы менен, Кыргыз Республикасынын президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Талантбек Эдилов жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Уларбек Тамабаев Чоң-Капка өткөрмө түйүнүндө мониторинг иштерин жүргүздү.
Мониторинг иштеринин жыйынтыгында Айшабиби-Чоң-Капка өткөрмө пунктунан саатына 3-4 оор жүк ташуучу автоунаа жана 5-6 жеңил автоунаа өтүп жатканы белгилүү болду.
Азыркы тапта, кезек күткөн айдоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облустук башкармалыгы тарабынан 5 даана чатыр тигилген.
Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облустук башкармалыгынан 4 кызматкер, Үч –Коргон айыл өкмөтүнүн 8 кызматкер, 2 жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу кызматкери, 2 аймактык милиция кызматкери жана 2 медициналык тез жардам кызматкери тийиштүү иштерди жүргүзүүдө.
Мындан тышкары Үч-Коргон айыл өкмөтү тарабынан кезекте турган айдоочулар үчүн ысык тамак уюштурулду.