08
Сентябрь
2023
Мөңгүлөрдү сактап калуу боюнча жыйын болуп өттү
Бүгүн 8-сентябрда Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы драма театрында “Мөңгүлөр Борбор Азия регионундагы нымдуулуктун, ден-соолуткун, электр кубаттуулуктун жана саясий туруктуулуктун кепилдиги” аталышында жыйын болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Нурлан Дарданов катышты.
Облус башчысы сөзүндө: “Кыргызстан – Борбордук Азиядагы суу ресурстары ɵзүнүн аймагында толугу менен калыптанган, гидрологиялык ɵзгɵчɵлүгү жана артыкчылыгы бар ɵлкɵ болуп саналат. Бирок, “Дүйнөнүн ресурстары институту” иликтөө уюму 2040-жылдары “суу стрессине” кабылуучу 33 мамлекеттин катарына Борбор Азиянын Тажикстандан башка төрт өлкөсүн: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Ооганстанды тизмеге киргизген. Андыктан, азыртадан баштап суу ресурстарын сарамжал пайдалануунун жана бөлүштүрүүнүн узак мөөнөткө эсептелген эффективдүү системасын иштеп чыгуу –мезгилдин талабы. Талас облусу боюнча 107 миң 500 гектар сугат айдоо аянты бар. Быйылыкы жылы суунун тартыштыгына улам сугат суунун каналдан–каналга которуштуруп сугаруу ыкмасы менен суу таптыштыгынан чыктык” деди.
Жыйында “Мөңгү” фонду тарабынан атайын даярдалган видео тасма көрсөтүлдү. Андан соң, «Мөңгү" фондунун президенти Үрүстөм Кабылбеков, “Мөңгүлөр Борбор Азия регионундагы нымдуулуктун, ден-соолуткун, электр кубаттуулуктун жана саясий туруктуулуктун кепилдиги” темасында доклад жасады.
Аягында, жогоруда аталган тема боюнча эл аралык форум өткөрүү жана анын жол жоболорун иштеп чыгуу боюнча демилге көтөрүлдү.