12

Сентябрь

2023

“Үч муундун” жолугушуусу болуп өттү

Бүгүн 12-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында, Талас районунун жана Талас шаарынын аксакалдар кеңештеринин, аксакалдар сотторунун, аялдар кеңештеринин, жана жаштар кеңештеринин мүчөлөрүнүн катышуусу менен “Үч муундун” жолугушуусу болуп өттү.
 Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов катышты.
“Үч муундун” жолугушуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова адеп-ахлак, улуттук нарк-насилди сактоо боюнча муундар арасында жасалып жаткан иштер, алдыга койгон иш-пландары боюнча кеңири доклад жасады.
 Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Мүнүр Мамбеталиев сөз сүйлөп жалпы элди ынтымакка чакырды. 
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасында үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү, үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыктары боюнча облуста жасалып жаткан иштер  талкууланып, жарыш сөзгө чыккан аксакалдар өз ойлорун ортого салды.