23
Август
2023
Айтматов районунда мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү
Бүгүн 23-августта Кызыл-Адыр айылындагы Семетей кинотеатрында, Айтматов районунун билим берүү кызматкерлеринин “Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр” аталышындагы педагогикалык август кеңешмеси болуп өттү.
Кеңешменин ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Нурлан Дарданов катышты.
Облус башчысы өз куттуктоо сөзүндө: “ Белгилей кетчү жагдай ар бир тармакта, анын ичинде билим берүү тармагында иштин илгерилеши кадрлардын сапаттык курамына түздөн-түз көз каранды. Тилекке каршы, билим берүү системасы жылдан жылга кризиске батып баратат.
Азыркы замандын талабына ылайык окуучулар 9-класска чейин чет тилдердин бирин өздөштүрүп, сүйлөп жазууну үйрөнүүсү, ааламдашуу доорунун эң алгачкы талаптарынын бири. Жаштарыбыз чет тилди билсе, билим деңгээли мыкты адистикти өздөштүрүүгө шарт түзгөн болсо, анда ал муун келечекте бакубаттуу жашоого кадам жасай алат” деди.
Кеңешменин жүрүшүндө бир катар билим берүү жана илим тармагынын кызматкерлери баяндама жасап аталган тармак боюнча суроо-жооп талкуулар уюштурулду.
Жыйындын соңунда алдыңкы мектеп, бала бакчаларга билим берүү бөлүмүнүн атынан ыраазычылык каттар, баалуу белектер, райондук администрациянын атынан ыраазычылык каттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.